Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:39

Беларус, Казакстан, Орусия жана Украйна бирдиктүү экономикалык аймак түзүүдө.


Астана шаарында бүгүн Беларус, Казакстан, Орусия жана Украйнанын өкүлдөрү жолуккандан кийин, казак президенти Нурсултан Назарбаев атайын билдирүү жасап, төрт мамлекет ортосунда бирдиктүү экономикалык аймак түзүү боюнча келишимге 18-сентябрда Ялта шаарында өтө турган саммитте кол коюлаары тууралуу билдирди. Назарбаевдин айтымында, бирдиктүү экономикалык аймак түзүү жараяны үч негизги баскыч менен ишке ашырылат. Алгач бирдиктүү тарифтер кабыл алынат, андан соң бажы биримдиги түзүлөт жана акырында бирдиктүү акча киргизилет. Жараян канчага уланаары тууралуу Назарбаев билдирген жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG