Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:29

Түркмөн парламентинин ордуна мындан ары мыйзамдарды Элдик кеңеш кабыл алат.


Түркмөнстан президенти Сапармурад Ниязов бүгүн атайын билдирүү жасап, өлкөдөгү бардык маселелерди мындан ары парламенттин ордуна Халк маслахаты деп аталган Элдик кеңеш чечээри тууралуу билдирди. Өлкө парламенти ордунда калат, бирок бардык мыйзамдарды Халк маслахаты кабыл алат. Түркмөн парламентинде 50 депутат бар, Халк маслахатынын эки жарым мүчөсүнүн болсо кээ бирлери гана эл тарабынан шайланган, калгандарын же бийлик дайындаган, же алар уруу башчылары. Халк маслахаты бүгүн Ниязовго маршал деген наам ыйгарып, анын өмүрүн изилдөө боюнча институт түздү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG