Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:37

Тайландда бин Ладендин жакын шериктеринин бири кармалды.


Тайланд жетекчилиги бүгүн тараткан маалыматка караганда, үстүбүздөгү аптанын башында өлкөнүн бир мейманканасында Хамбали деген ат менен белгилүү болгон атактуу террорчу Ридуан бин Исомуддин кармалган жана ал АКШ өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди. Хамбали былтыр Индонезиянын Бали аралындагы жардыруу жана үстүбүздөгү айдын башында Жакарта шаарындагы "Мэрриот" мейманканасындагы жардырууну уюштургандардын бири деп күнөөлүүдө. Бали аралында 202, ал эми "Мэрриотто" 12 адам курман болгон. Америкалык адистердин айтымында, Хамбали - Усама бин Ладендин жакын шериктеринин бири.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG