Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:27

Ирактагы америкалык аскерлердин чыгымы акырындап өсүүдө жана “АКШ президенти Жорж Буштун Иракка каршы согуш ачышына жетишээрлик жүйөө бар беле?” деген суроого Вашингтон али негиздүү жооп бере элек. Ооганстандагы жагдай жакында кайрадан курчуй баштады. Акыркы өткөрүлгөн сурамжылоо - шайлоочулар Буштун экономикалык саясатына канааттанбаганын көрсөттү. Талдоочулар экономикада көзгө урунарлык жылыштар жасалбаса, Буш келерки жылкы президенттик шайлоодо жеңилип калышы ыктымал деп эсептешет.

Акыркы айларда АКШ президенти Жорж Буштун эл арасындагы популярдуулугу төмөндөп кеткенин жана экономика анын талылуу жери экенин соңку сурамжылоо көрсөттү.
“Вашингтон Пост” гезити өткөн жумада жарыялаган иликтөөгө караганда, сурамжыланган адамдардын 45%ы Буштун экономикалык саясатын колдоп, 51%ы колдогон эмес.
Буштун 11-сентябрдагы теракттардан кийинки чечкиндүү аракеттери эл ичинде кеңири колдоого алынып, анын буга чейинки социалдык рейтинги өтө бийик эле.

Вашингтондогу бейөкмөттүк Cato изилдөө борборунун вице-президенти Девид Бозе Буштун администарциясынын бийликти жоготуу мүмкүнчүлүктөрүн мындайча мүнөздөйт:

- Эгер экономика алсыз бойдон калса, ошондой эле биз Ооганстанда жана Иракта сазга батып, америкалык жоокерлер ал жактарда олуттуу жоготууга учурашса, же дагы бир чоң террордук чабуул болсо, анда, менин оюмча, президент Буштун мамлекет башында калуусу өтө кыйындайт.

Бозенин пикирине караганда, Буштун Ооганстандагы жана Ирактагы саясаты ийгиликтүү болгон кезде да, шайлоочулар экономикадагы жагдайга канааттанбаса, анын экинчи мөөнөткө президент болуп шайланышы кыйындайт.

1940-жылдары Британиянын ал кездеги премьер-министри экинчи дүйнөлүк согуш тушундагы ишмердүүлүгө карабастан, согуштан кийин кайра шайланбай калган.

Жорж Буштун атасы улуу Жорж Буш ирактык аскерлерди Кувейттен кууп чыгууда эл аралык чоң ийгиликке жетишсе да, ал учурдагы Ак үйдүн экономикалык саясатына ичи толбогон америкалыктар аны экинчи мөөнөткө президент кылып шайлабай койгон.

Девид Бозенин айтымында, президенттик же премьер-министрлик кызмат кимдир бирөөнүн мурда жасаган иши үчүн сыйлык болбош керек:

- Шайлоочулар келечегин ойлошот... Келерки төрт жылда президенттикти же премьер-министриликти ким жакшы аткара турганы эске алынышы шарт жана ал сөзсүз эле экинчи дүйнөлүк согушта, же Перс булуңундагы согушта жеңип чыккан адам болбош керек.

Кенже Жорж Буш башынан эле салыктарды 10 жылдын ичинде 1,7 триллион долларга кыскартуу программасына көп маани берүүдө. Анын кеңешчилеринин мерчеми боюнча, салыктан үнөмдөлгөн акча керектөөнүн өсүшүнө, демек өндүрүштү инвестициялоого өбөлгө түзүп, экономикалык өсүшкө түрткү болмок.

Бирок, салыктардын кыскартылышы экономикалык өсүшкө жана жумуш орундарынын көбөйүүсүнө азырынча көп таасир этпеди. Тескерисинче, Буш Ак үйдүн төрүн ээлегенден бери 2 миллиондой адам жумушун жоготту. Азыр калктын эмгекке жарамдуу бөлүгүнүн 6%ынан көбү жумушсуз.

Президент Буш экономика ал бийликке келгенге чейин эле “аксап калганын” айтып, жоопкерчиликти өзүнө албай койсо болот. Бирок ал Вашингтондогу Америка университетинин профессору Аллан Лихтман айткандай, салыкты кыскартуу экономиканы өргө тартып кетет деп убада кылбаш керек эле.

- Абдан туура: экономика Буш бийликке келгенге чейин эле жардан ылдый кулай баштаган. Бир жагынан, ал салык кыскартылса, экономика оңолот деп америкалыктарга сөз берген. Эгер шайлоого бир нече ай калганда экономика өйдөлөй баштаса, Жорж Буш жоопкерчиликти өзүнө алат.

Акыркы айларда АКШнын экономикалык өсүү темпи ылдамдаганы байкалат. Азыр экономикалык абал 2001-жылы Буш президент болуп шайланган кездегиден жакшы. Анткен менен профессор Лихтман айткандай, катардагы эл экономикадагы өсүштү тез эле байкай койбойт.
XS
SM
MD
LG