Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:24

ДҮЙНӨ КЫРГЫЗДАРЫНЫН КУРУЛТАЙЫ, ЛЕНИНДИН ЭСТЕЛИГИ, КЫТАЙ ӨКҮМДАРЫНЫН КАТТАРЫ


Апта соңундагы басылмаларда эгемендик күнүнө тушташ чакырылган дүйнө кыргыздарынын экинчи курултайы чоң сөзгө алынууда. Айрым басылмалар өтөлек мааракени эмитен мактап, президенттин жубайы Майрам Акаеванын жаңы китебинен үзүндүлөрдү токтотпой жарыялоого өтүштү. Экинчи тарап курултайда Аскар Акаевди кызматында дагы төрт жыл калуусун өтүнгөн кайрылуу кабылданарын жоромолдошууда. Эгемендик күнүнө Бишкектин борбордук аянтын жаңы түргө келтирүү, «Алатоо» аянтындагы Лениндин эстелигин тарых музейинин артына жылдыруу аракети калк арасында аркыл пикирлерди жаратты.

Кыргызстандын саясий оюн талаасында жаңы жүрүштөр жасалышы мүмкүн экендигин апта соңундагы «МСН» гезитинде Рина Приживойт жазып чыкты. Алыстан ат арытып кыргыздардын дүйнөлүк курултайына келген меймандарга чоң сый-урмат көрсөтүлүп, алардан президент А.Акаевди 2007-жылга чейин кызматтан кетпешин суранган кайрылууга кол коюп, Демократия кодексин жактырып берүү өтүнүчүн айтышат. Четтен келген улутташтар республиканын саясатына кийлигишке акысы жоктугу, президенттин кызмат мөөнөтүн узартып коюу Конституцияга кайчы келери эсепке деле алынбайт. Бизде Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү көп машакатты деле талап кылбайт, деп белгилейт макала автору.
Ушул эле гезитте Татьяна Орлова башкалаанын «Алатоо» аянтындагы Лениндин эстелигин көчүрүү темасына кайрылган. Автордун маалымдашынча, аны так билген киши жок. Эстеликти башка жерге көчүрүү тууралуу чечим кабыл алган өкмөт башчысын кыргыз коммунисттери сотко беришти.

Кытай өкүмдарынын кыргыз каганына жазган каттарын «Кыргыз туусу» гезити жума күнкү санында жарыялады. «Сиз катыңызда: «алтын, күмүш таштын түбүндө калгансып, биздин бекем достугубузду тээ түпкүргө түртүп, барды-келдинин жолу бөгөлүп турат» деп жазыпсыз. Негизгиси тоо-таштар туруп, жолдун ыраактыгы, кадыресе Кагандын чеби менен төтө чектеш болуп турбагандыгынан болуп жатпайбы, болбосо эки мамлекеттин жакындыгын дагы кандай нерсе тосо алат эле», деп жазган экен кытай өкүмдары кыргыз каганына. Басылмада парламенттин палата спикери Алтай Бөрүбаевдин президенттин жубайынын китеби тууралуу «Акылман, айкөл китеп» рецензиясына, Майрам Акаеванын китебинен үзүндүлөргө да орун берилген.

«В конце недели» апталыгы Лениндин «Алатоо» аянтындагы эстелиги тууралуу Бишкек шаардык коммунисттердин катын жарыялады. Коммунисттердин ырасташынча, Ленин феодализм доорунда жоголуп бараткан кыргыздарды сактап калган. Орус падышалыгынын 1916-жылкы кыргынынан башын калкалап Кытайга качкан кыргыздарды жерине кайтарууга салым кошкон ишмер. Кыргыздардын 1-дүйнөлүк курултайынан бери деле билинбей 11 жыл колдон суурулуптур, деп белгилейт Вилор Акчурин «Күтүү» деген ой толгоосунда. Автордун жазганына ынансак, 1992-жылкы курултай маалымдоо каражаттарында кенен-кесир чагылдырылган эмес, чакырылган меймандардын кыйласы келе албай калышкан. Ал кездеги советтик 22 миллион рубль акча курултайга жумшалган. Анын 10 миллионун республика бюджетинен, калганын демөөрчүлөрдүн эсебинен чогултушкан. Курултайга Чеченстан президент Жохар Дудаев чакырылган.

Кыргыз илиминин көч башында турган Жапар Шүкүров тууралуу маалымат «Заман Кыргызстан» гезитинин апта соңундагы санында жарыяланды. Орусча-кыргызча сөздүк түзүп, кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүн жазган илимпоз «Молдо Кылычтын тили (Кыргыз жазуусунун тарыхы)» темасында кандидаттык диссертациясы үчүн а кездеги партиялык идеологдордун куугунуна кабылып, кыйла жылдар кысымда жүргөн. Өкүнткөн жагдай, Жапар Шүкүровдун кандидаттык диссертациясынын түп нускасы азырга чейин табыла элек.

Бишкектин «Арча бешик» конушунун жашоочусу Абдырахман Чыныбеков таштандылардан курулуш материалдарын жасап жатканын Эмилбек Момунов жума күнкү «Бишкек таймс» гезитинде маалым кылды. Абдырахман ПРООНдун глобалдык экология фондунан жардам алып, өз акчасын кошуп жашаган жерде атайын цех ачкан. Желим, пластик таштандыларды эритип, аны жыгач таарындысы, чөп менен аралаштырып бышык тактайларды жасоодо.

«Биз кыргыз тилине көп көңүл бурбай келе жатабыз, - дейт Роза Отунбаева гезитте жарыяланган маегинде. - Кыргыз тилинде иш алып барбасак бутуна турбайт. Мамлекеттин катуу караган атайын саясаты жок». «Биздин эл момун, алсыз, акниет, - дейт Роза Отунбаева. - Ошого татыктуу мамиле болсо гана. Элге ылайык мамиле жок».

Күзүндө Кыргызстанда компьютерлер менен байланыш буюмдарынын баасы арзандай тургандыгын жума күнкү «Вечерний Бишкек» гезити кабарлады. Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Николай Танаев компьютер, байланыш буюмдарын республикага ташып келгендер кошумча нарк салыгынан бошотуларын ырастаган токтомго кол койду. 2007-жылга чейин эр жеткен кыргызстандык жарандардын баары Интернет дарегине ээ болору, электрондук коммерцияга өзгөчө көңүл бурулары, мунун аркасы менен 100 миң киши иштүү болору эмитен эле болжолдонууда.
XS
SM
MD
LG