Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:26

ШАМИЛ БАСАЕВДИ БУУ, АКШ "КАРА ТИЗМЕГЕ" КИРГИЗИШТИ


Улан Эшматов,Прага Ушул аптада БУУнун Коопсуздук Кеңеши чечен козголоңчуларынын жолбашчыларынын бири Шамил Басаевди террорчулардын "кара тизмесине" киргизди.Мунун алдында Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Басаевди АКШга да коркунуч келтирген террорчу деп жарыялаган эле. Вашингтон Басаевге каршы чараны эмне үчүн азыр көрүүдө? Айрым эксперттер АКШнын кадамын саясат менен байланыштырышат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин сөзү менен айтканда, Шамил Басаев Кошмо Штаттардын кызыкчылыктарына каршы террактарды жасаган жана деген жасашы толук ыктымал. Эми Кошмо Штаттарында Басевге караштуу кандайдыр бир банк эсептери болсо, алар тоңдурулат. Андай эсептер чын эле бар же жок экени белгисиз. Ал эми АКШ, Британия, Орусиянын өтүнүчү менен БУУнун Коопсуздук Кеңеши кабыл алган чечимге ылайык, Улуттар Уюмуна мүчө калган өлкөлөр да Басаевге караштуу банк эсептери табылса, аларды тоңдуруп, ага өлкө аймагына кирүүгө, өз жарандарынын жардам беришине жол бербөөгө милдеттүү. Шамил Басаев эң соңку ирет былтыр декабрь айында Грозныйда чечен администрациясына караштуу имараттардын жардырылышы үчүн жоопкер болгон. Анда 80 дей киши каза тапкан. Басаев ошондой эле былтыр октябрь айында Москванын Дубровка театралдык борборундагы барымта үчүн да жоопкерчиликти өзүнө алган. Барымтадагыларды бошотуу учурунда курман болгон 100дөн ашуун кишинин арасында АКШнын бир жараны бар эле. Аналитиктер АКШ Басаевди террорчу деп жарыялашын чечен маселеси боюнча Вашингтон менен Москванын ортосунда өз ара түшүнүүчүлүк жогорулаганына жоорушууда. Быйыл февралда АКШ чечендердин Басаевге караштуу эки уюмун террорчул топтордун катарына кошкон. Ал эми анын өзүнө каршы чара көрүү үчүн АКШ эмне үчүн азыркы учурду тандап алды? «Чеченстандагы тынчтык үчүн комитети» деп аталган америкалык көз карандысыз уюмдун өкүлү Кристофер Свифт бул адилет чечим экенин белгилөө менен анын эми чыгып жатышын саясатка байланыштырат:

- Бул аныктама үчүн убакыттын тандалышы көбүнесе, балким, Буш менен Путиндин алдыдагы саммитине жана Путиндин БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөй турган сөзүнө байланыштуу болсо керек. Бул ,балким, саясий жактан эсептелген.Бирок мен тигил же бул деп кесе айта албайм.

Дегеле Вашингтон азыр Чеченстан боюнча кандай турумду карманууда? Кристофер Свифттин пикиринде, бул жаатта да бир жактуу жыйынтык чыгарыш кыйын. АКШ азыр Орусиянын Чеченстандагы аракеттерин колдоодо, бирок ошол эле учурда козголоңчулардын лидери Аслан Масхадов менен сүйлөшүү керек деген маселени биртоло жаба элек:

- Айтуу кыйын. Мен АКШ өкмөтүндө кандайдыр бир формула бар жогун билбейм.Албетте, менимче,АКШ өкмөтүндөгү түрдүү адамдар бизде формула бар деп ойлошот. Ал эми жалпысынан Чеченстан саясаты боюнча чечим өтө жогорку деңгээлде кабыл алынганбы, жокпу? Мен бул боюнча да кандайдыр бир далилди көрбөй турам. Алты ай мурун Мамлекеттик департамент Кремлдин Чеченстанда конститутциялык референдум жана президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндөгү демилгелеринин пайдасы үчүн сүйлөшүү идеясынан расмий түрдө баш тартканын ачык эле ишара кылган. А.Масхадовдун бул аныктамага киргизилбегендиги - АКШ өкмөтү Орусия менен алаканы сактап, ошол учурда Масхадов жана анын орун басарлары менен сүйлөшүү маселесин толук жаба электигинин белгиси. Аларда Масхадовдун өкмөтүнүн согуш башталгандан бери террорчулукту кескин түрдө четке каккан өкүлдөрүнө мындай
(террорчу деген )жарлык тагуу ниети жок жана бул туура. Мен АКШ өкмөтү Кремлдин планын толук колдоону, же сүйлөшүү жолу менен жөнгө салуу идеясын колдоону чечкенин билбейм.


Айтор, кандай болгон күндө да көпчүлүк баяндамачылардын көз карашында, 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуялардан кийин Вашингтондун Чеченстанга карата мамилеси өзгөргөнү анык.
XS
SM
MD
LG