Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:05

Нарын АЙЫП, Прага Советтик мезгилде орус тилин милдеттүү түрдө үйрөнүүгө мажбур болгон өлкөлөрдүн эли 1990-жылдардын башында эгемендүүлүккө жеткенде, орусчаны таштап, англис тилин ургаалдуу өздөштүрө баштаган. Андан бери он эки жыл өткөн азыркы мезгилде дагы англис тили бул өлкөлөрдө, мисал үчүн Болгарияда, негизги чет тил, бирок орус тилине болгон каршылык дагы азая баштады.

Советтик мезгилде Маскөө орус тилин күчү жеткен бардык аймактарда улут аралык негизги тилге айландырууга аракеттенген жана коммунисттик көсөмдөрдүн пикиринде, СССРде жаңы улут - "советтик эл" пайда боло баштаган. Ал жаңы улуттун тили, албетте, орус тили болмок. Орус маданияты менен орус тили СССР элдерине бардык мүмкүн болгон чаралар менен таңуулангандыктан, алардын кээ бирлери ар башка анкеталарда орус тилин өзүнүн эне тили катары да белгилей баштаган, 1930-жылдардагы репрессия жана андан кийинки сенектик мезгилде болсо андай манкурттук ого бетер күчөгөн.

Бирок СССРдин таасир чөйрөсүнө Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин гана кирген Чыгыш Европа жумурияттарынын эли согушка чейинки абалды унута элек болчу жана орусташтыруу саясатына колунан келген каршылыкты көрсөтүп келген. Мисал үчүн, Вильнюс же Таллинн шаарларында советтик мезгилде дагы көчөдө орусча сүйлөшүп бараткандарды айланадагылар жактырбай карачу. Болгария болсо ал кезде эң орусташкан өлкө болчу жана аны кээ бир адамдар "Он алтынчы советтик жумурият" деп да атачу.

Бирок, ага карабастан, өлкөдө англис тилин үйрөнүүгө умтулуу баары бир күчтүү болгон. Мисал үчүн, 1950-жылы өлкөнүн борбор аймагындагы Ловех шаарындагы бир мектепте сабактар англис тилинде берилген эки класс ачылган. Бир нече жылдан кийин мектеп толугу менен англис тилине өткөн жана 1958-жылы ал борбор калаа София шаарына көчүрүлүп, өлкөдөгү эң барктуу мектепке айланган. Кийин англис тилинде сабак берилген мектептер өлкөнүн башка аймактарында да ачыла баштаган жана аларда окууну каалагандардын саны өтө көп болгондуктан, коммунисттик номенклатурага киргендердин балдары үчүн атайын квота да киргизилген. Колунан келгендер өз балдарын дал ушундай мектептерде окутуп, кийин аларды Батыш өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларына жиберүүгө аракеттенген, бирок андай кылуу мүмкүнчүлүгү өтө чектелүү болчу.

СССР чачырагандан кийин болсо, 1990-жылдардын башында Болгарияда англис тилин үйрөнүү боюнча миңдеген курстар жана ар башка мектептерде атайын класстар ачылган. Аларга окууга келгендер эптеп эле анча-мынча англисче үйрөнүп алып, Батыш өлкөлөрүнө көчүп кетүүнү эңсеген, ошондуктан ал курстардын сапаты өтө деле жогору эмес болчу. Бирок Батышка кетчүлөрдүн баары беш-алты жылдын ичинде өлкөдөн көчүп кеткенден кийин дагы Болгарияда англис тилин үйрөнүүнү каалагандардын саны азыр арбын жана ар бир ата-эне өз балдарын сөзсүз англис тилине үйрөтүүгө умтулат.

Мектеп деректири Эли Тончеванын айтымында, анын себептери азыр башка:

"1990-жылдарда эл чет тилдерди башка өлкөлөргө, негизинен Америка Кошмо Штаттарына көчүп кетүү максатында үйрөнгөн болсо, азыркы себеп башка. Болгария Европа Биримдигине мүчө болуп кирүүгө даярданууда. Ошондуктан көп адамдар өз балдарын Европадагы жогорку окуу жайларга жиберип окутууну каалайт, негизги тил - англис тили, бирок башка европалык тилдерде окууну каалагандар да арбын".

Акыркы мезгилде англис тилинен башка экинчи чет тилин билүүнү каалагандар да көбөйдү жана алар негизинен немис тилин үйрөнүүнү каалайт, анткени Алманиянын жогорку окуу жайларында окуу үчүн акча төлөп кереги жок. Идеологиялык тирешүү жоголгондон кийин болсо, орус тилин үйрөнүүнү каалагандар да пайда боло баштады.
XS
SM
MD
LG