Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:22

Кыргыз-өзбек чекара келишимине жыл аягында кол коюлат


БИШКЕК. Кыргыз жана өзбек өкмөттөрү эки өлкөнүн чек арасы тууралуу макулдашууга жыл аягында кол коюшат. Ага чейин чек араны тактоо иштери тездетилет. Мындай чечим кыргыз жана өзбек өкмөт башчыларынын 15-августтагы Ташкен жолугушуусунда кабыл алынды. Тараптар эки өлкөнүн чек араларын мындан ары тактоо иштерин улантуу боюнча иш-планын кабыл алышты. Ал эми макулдашууга кол коюлганга чейин Фергана жана Жалалабад шаарларында эки тараптуу жолугушуулар өтөт. Өзбекстанга барган кыргыз делегациясынын мүчөсү Кыргызстандын тышкы иштер министринин орунбасары Лидия Иманалиеванын ишембиде билдиргенине караганда, учурда эки өлкөнүн ортосундагы 1377 чакырым чек ара тилкесинин 697 чакырымы такталды. Жакын арада 228 чакырым чек ара такталышы керек. Ал эми 114 чакырым чек ара мамлекеттер аралык чекара комиссиясы тарабынан кылдат каралышы зарыл. Ташкен жолугушуусунда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын ортосунда кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө сөз болду. Өзбекстан тарап чек арадан өткөн кыргыз атуулдарынын паспортторуна штамп басууну токтотууга сөз берди.

XS
SM
MD
LG