Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

ЛИВИЯ 15 ЖЫЛ МУРДА ЖАСАЛГАН ТЕРАКТ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИКТИ ӨЗҮНӨ АЛДЫ


Ливия 1988-жылы Шотландияда кулап түшкөн учактагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алганын Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешине тапшырган катында расмий түрдө билдирди. Кийинчерээк ливиялык чалгынчы айыптуу деп табылган ал жардыруудан бардыгы 270 адам мерт болгон. Ливия өкмөтү анда курман болгондордун туугандарына акчалай компенсация төлөп берүүгө да макул болду.

Жума күнү Ливиянын Бириккен улуттар уюмундагы элчиси Ахмед Оун Коопсуздук Кеңешине тапшырган катта: "Ливия - эгемен мамлекет катары 88-жылкы учактагы жардыруу үчүн айыптуу эки адамды эл аралык сотко өткөрүп берген жана ал окуя үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат. Ливия терроризмдин бардык түрлөрүн айыптайт", - деп айтылган. Катта ошондой эле Ливия өкмөтү Шотландиянын үстүнөн учуп баратып кулап түшкөн самолетто шейит кеткен 270 адамдын жакын туугандарына акчалай компенсация төлөп берүүгө даяр экени маалымдалган. Документте акчалай жардамдын көлөмү көрсөтүлгөн эмес, бирок Вашингтондун өкүлдөрү расмий Триполи келээрки аптада Швейцариядагы банктардын бириндеги атайын эсепке 2 млрд 700 млн доллар которгону жатканын билдиришти.


1988-жылы Лондондон Нью-Йоркко учуп баратып жардырылган самолеттогу теракт үчүн жоопкерчиликти Ливия өзүнө алышы керек деп көптөн бери өктөм талап кылып келген АКШ менен Британия да жума күнү Бириккен улуттардын Коопсуздук Кеңешине расмий Триполи тийиштүү шарттарды аткарганын ырастаган кат тапшырышты. Вашингтон менен Лондон ошону менен Ливияга каршы киргизилген эл аралык экономикалык санкцияларды алып салууга каршы эмес экенин бышыкташты. Эксперттер Ливияга каршы чектөөлөр бир жумадан кийин жоюлушу мүмкүн деп айтышууда. Иш жүзүндө Бириккен улуттар уюму ал тууралуу расмий чечимин жарыялаары гана күтүлөт, анткени чынында санкциялардын көбү 1999-жылы Триполи Гаагадагы эл аралык трибуналга Локербидеги жардырууну уюштурган деп шектелген эки жаранын өткөрүп бергенден тарта жоюлган. Гаагада соттолгон Ливиянын чалгындоо кызматынын эки өкүлүнүн бирөө сотто күнөөлүү деп табылып, эркинен ажыратылса, экинчиси акталып бошотулган.


Ошентсе да, Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Ливия боюнча талкуу далай талаш-тартыштар жаратышы да мүмкүн. Вашингтондун өкүлдөрү Ливияда адам укуктары жаатындагы мыйзам бузуулар токтотулуп, өлкөдө массалык кыргын салуучу курал даярдалып жатканы жөнүндөгү сөздөр төгүндөлмөйүнчө, айрым чечүүчү экономикалык санкциялар күчүндө калтырылат деп жарыялашты. Андан сырткары америкалык жетекчилик билдиргендей, Ливия өкмөтү Локербидеги жардыруудан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн ар бирине 10 млн долларга жакын компенсация төлөп берсе, Франция чоң чуу чыгарышы ыктымал. Себеби 1989-жылы Ливиянын абадан коргонуу күчтөрү Нигериянын үстүнөн учуп бараткан француз учагын атып түшүргөндө, андагы 170 адам набыт болгон. Былтыр Триполи ал окуянын курмандыктарына бардыгы 33 млн доллар төлөп берген, башкача айтканда жакындарын жоготкон ар бир үй-бүлө 200 миң доллардан алышкан. Эми расмий Париж эки окуянын курмандыктарына бирдей акча төлөп берүүнү талап кылаары шексиз.

Ал эми "Франс пресс" маалымдоо агенттиги ишембиде Локербиде жакындарын жоготкон айрым адамдар менен интервью жарыялады. Алардын көбү акчалай компенсация төлөнүп берилээрин канааттануу менен кабыл алып, бирок Ливиянын жетекчиси Муаммар Каддафи сөзсүз жоопко тартылышы керек деп билдиришкен. Айрымдары болсо, акчалай жардамды кабыл алган соң, Ливия эл аралык коомчулукка кайрадан кошулушун колдоорун маалымдашкан. Ошондой эле ал окуяга жалгыз Каддафи күнөөлүү эмес, учактагы террорчулар бомба жардыраар алдында өз талаптарын айтып, 10 ирет эскертишкенде, эч нерсе кылбай отуруп алып, ошончо адамдын бейажал өлүмүнө жол берген башка да жетекчилер жооп бериши керек деген ойлор да айтылган.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG