Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:56

Кубат Оторбаев, Бишкек шаары Көп жылдан бери биринчи ирет Нарын дарыясындагы суунун көптүгүнөн жана коңшу Өзбекстан электр энергияны жылдагыдан аз сатып алгандан улам Токтогул суу сактагычы нормадагы эң жогорку чегине жете толду. Мындай шартта Кыргызстан Токтогул ГЭСинен электр энергияны өндүрбөй туруп, сууну бекер кое берүүгө аргасыз болууда. Талдоочулардын айтымында, бул факт - бир чети Борбор Азия мамлекеттеринин Нарын-Сырдарыя суусун майнаптуу пайдаланбай жатканынан кабар берсе, бир эсе, Кыргызстандын энергетика тармагында чечилбеген маселелердин көптүгүн айтып турат.

Көп жылдан бери быйыл биринчи жолу Токтогул суу сактагычына нормадагы 19,5 млрд. куб. метр суу толду. «Электр станциялары» акционердик коомунун жооптуу кызматкери Алексей Зыряновдун айтымында, жыл жаанчыл болду. Ошондуктан Өзбекстан менен Казакстан сугат үчүн Кыргызстандан жылдагыдай көп суу алган жок. Натыйжада, Токтогул суу сактагычы өзүнүн эң жогорку чегине жете толду.

Токтогул ГЭСи каскадынын башкы инженери Темирлан Биримкулов Токтогул суу сактагычындагы абал көзөмөлдөн чыгалек жана сууну бекер кое бергидей кырдаал түзүлө элек дейт.

Бирок, энергетиктерден айырмаланып, көз карандысыз талдоочулар суунун көп топтолушуна Токтогул ГЭСи өндүрүп чыгарган электр энергияны коңшу мамлекеттер жылдагыдан аз сатып алганы себеп болду дешүүдө. Аны фактылар да бекемдеп турат. Мисалы, өткөн жылдын 9 айында Өзбекстан Кыргызстандан 500 млн. кВт/саат электр энергиясын алган. Быйылкы жылдын 6 айында болсо араң 49,4 млн. кВт/саат, же дээрлик 10 эсе аз электр энергиясын алды. Жыл өткөн сайын бир эле Өзбекстан эмес, башка мамлекеттерге да электр энергиясы аз сатылууда. Энергетика боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Уларбек Матеев да ал маалыматты мындай деп бышыктайт:

- Эки жыл мурда 3,4 млрд. кВт/саат, бир жыл мурда 2,2 млрд. кВт/саат электр энергиясын сатканбыз. Быйыл болсо болсо 1,7 млрд. кВт/саат электр энергиясын экспорттогону турабыз. Бирок, экспорттун аткарылышы аба ырайына жараша болот, анткени быйыл суу көп, - дейт Уларбек Матеев.

Электр энергиясын сатып алгыла деген маселени кыргыз бийлигинин өкүлдөрү быйыл 9-10-июлда өткөн кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунда да ырасмий Ташкен алдына койду. Анткени, Өзбекстан ага чейин Токтогул суу сактагычынын суусун пайдалануу жана ага жараша электр энергиясын сатып алуу боюнча Кыргызстан менен келишимге кол койбой келген. Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынан кийин вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов маселенин олутуулугун мындай баалаган:

- Быйыл Өзбекстан менен Казакстан суунун көптүгүнө карап, «быйыл биздин сугатка мурдагы көлөмдөгүдөй суунун кереги жок жана электр энергиясын да аз сатып алабыз деп, биз менен жолукканга чейин келишимге кол койбой келишкен.

Электр энергиясын сатып алуу боюнча Өзбекстан менен тийиштүү протоколго, Казакстан менен келишимге кол коюлганы менен Кыргызстандын суу-энергетика тармагындагы абал оор бойдон калууда. Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин талдоочуларынын айтымында, Токтогул суу сактыгычында суунун адаттан тыш көп топтолушу Кыргызстандагы ГЭСтер жай айларында өндүрүп чыккан электр энергияны сатуу боюнча мамлекеттер аралык жакшы келишимдердин жоктугун жана Нарын-Сырдарыя суусун майнаптуу пайдалануу боюнча Борбор Азия республикалары ортосунда ымала-ырктын жоктугунан кабар берет. Токтогул суу сактагычында топтолгон сууну электр энергиясын өндүрүүгө пайдаланбай, бекер агызып жиберүү электр энергиясынан пайда көрөм деген Кыргызстандын абалын оорлотот дешет талдоочулар.

Үстүбүздөгү жылдын 31-мартында өткөн Коопсуздук кеңешинде айтылган маалыматтарга караганда, өткөн жылы өндүрүлгөн электр энергиянын 36% дайынсыз жок болот. Ал эми сатылган электр энергиянын 80%нын гана акысы алынган. Бирок анын 26 % гана нак акча түрүндө төлөнүп, калганы товар түрүндө берилген. Ошол себептен энергетика компанияларынын бардыгы өткөн жылды чыгаша менен жыйынтыкташкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныш Рустенбеков Кыргызстан энергетика тармагы туташ кризиске учураганын белгилеп, анын себеби катары Бишкек ТЭЦи үчүн Казакстандан көмүр, Өзбекстандан газ сатып алуу боюнча, анын ордуна Токтогул суу сактагычындагы сууну режим менен коңшуларга берип, электр энергиясын сатуу жөнүндөгү келишим үч мамлекеттеги бир ууч адамдарга эле кызмат кылып жатканын айтат:

- Мамлекеттер аралык келишим 5-6 адамдын кызыкчылыгына эле иштеп жатат. Себеби ал келишим боюнча Бишкек ТЭЦине Өзбекстандан газды да, Казакстандан көмүрдү да өтө кымбат сатып алып жатабыз. Электр энергиясын да 1-1,5 центтен баалап, коңшуларга кымбат сатып жатабыз.

Жаныш Рустенбековдун пикиринде, Кыргызстан электр энергиянын баасын Орусияга 1 центтен эмес, 0,3 центтен сунуш кылып сата баштаганда, Токтогул суу сактагычында азыркыдай көлөмдөгү суу топтолмок эмес:

- Орустар «силер суу сактагычка 19 млрд. куб. метр суу толгондо аны бекер кое бересиңер. Андан көрө ал сууну иштетип, алган электр энергияны бизге 0,3 центтен саткыла, биз анын акчасын нак төлөп беребиз» дешүүдө. Биздин бийлик мындай сунушту кабыл албай жатат. Менимче, ушинтип, электр энергияны саталбай отурганыбыз бийликтин кризисин билдирет, - дейт депутат Жаныш Рустенбеков.
XS
SM
MD
LG