Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

ЛЕНИНДИН ЭСТЕЛИГИ АЛАТОО АЯНТЫНАН КӨЧҮРҮЛҮҮДӨ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бүгүн (16-августта) Кыргызстандын аткаруу бийлиги Бишкек шаарынын чок ортосундагы «Алатоо» аянтына орнотулган В.Лениндин айкелин башка жакка көчүрүү иш-чарасын баштады. Лениндин эстелиги пьедесталдан жерге түшүрүлүп жатканда Алатоо аянтында Коммунистер партиясынын жетекчиси Клара Ажыбекова баш болгон азганактай топ мурдагы Совет Биримдигинин кызыл желегин көтөрүп нааразылык билдирип турушту.

Бүгүн кыргыз бийлиги Улуу октябрь социалисттик төңкөрүшүнүн жол башчысы В.И.Лениндин айкелин Бишкектин борбордук Алатоо аянтынан башка жакка көчүрүү максатында бийик пьедесталдан жерге түшүрттү. Айкелди бузуп жатканда милиция кызматкерлери эстеликтин жанына эч кимди жолотпой, бул жайды чар тарабынан тосуп турушту.

- Бул жакка өтүүгө уруксат жок. Бул жерди кайтарып жатабыз. Жетекчиликтен эч кимди өткөрбөө тууралуу катуу тапшырма болгон, - деди өз атын атагысы келбеген милиция кызматкери.

Лениндин айкели бузулуп жатканда аянтка коммунисттердин азганактай өкүлдөрү топтолуп, өз нааразылык иш-чарасын уюштурушту. Алардын арасында көзүнө жаш алып, колуна мурдагы Совет Биримдигинин кызыл желегин көтөргөн Коммунистер партиясынын жетекчиси Клара Ажыбекова да болду. Айкелдин бузулушу тууралуу Клара Ажыбекова «Азаттыкка» мындайча пикирин билдирди:

- Эң бир коркунучтуу нерсе - Лениндин айкели «Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата» деп алынып жатат. Чыныгы мамлекеттүүлүктү кыргыздарга Ленин берген.

Клара Ажыбекованын жогорудагыдай сөзүнөн соң биз Алатоо аянтынан ары-бери өткөн карапайым атуулдарды сөзгө тарттык:

- Бизге эстелик эстетикалык тарбия берүүчү. Айкелди алган туура эмес болду. Ленин биздин атабыз эле, - деди өзүн Таалай деп тааныштырган жигит.

- Лениндин эстелигин бекер эле алып жатат. Мен эстеликти кайра куруп жатат деп ойлогомун, көрсө айкелди бузуп жатыптыр, мен мындай көрүнүштү көрүп, өзүмдү жаман сезип кеттим, - деди Женя аттуу кыз.

Лениндин айкелинин башка жакка көчүрүлүшүнө кыргызстандыктар атуулдар ар кыл пикирлерин айтууда. Маселен, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бирикмесинин жетекчиси Эдил Байсалов Лениндин айкелинин бузулушун туура деп эсептейт:

- Менин оюмча, бүгүн Кыргызстан үчүн 1991-жылдын 31-августу же 1992-жылдагы эгемендүүлүк желеги ак үйдүн үстүнө сайылгандай эле тарыхый маанилүү күн. Анткени эгемендүүлүгүбүзгө он эки жыл толгондо тоталитардык бийликтин жетекчисинин эстелиги борборубуздан алынды. Мен мындай иш чараны кош колдоп колдойм.

Мындан бир нече күн илгери «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бирикмеси Лениндин айкелин башка жакка көчүрүү тууралуу өкмөттүк токтомго колдоо көрсөтүп, мамлекет башчы А.Акаевге жана өкмөт башчы Н.Танаевге кайрылуу жолдогон. Кайрылууда аталган коомдук уюмдун өкүлдөрү Лениндин айкелин Алатоо аянтынан эле эмес, өлкөдөгү бардык район, шаарлардын борборлорунан алып салууну сунуштаган. Белгилүү оппозициячы саясатчы, «Кыргызстан» демократиялык кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири Топчубек Тургуналы Лениндин айкелин ачык аянтка эмес, тек гана музейдин ичине коюу орундуу деп санайт. Айрым бишкектиктер соңку өкмөттүк кадамды коммунисттик идеологиянын акырындап ойрон болушунун дагы бир көрүнүшү катары баалашууда.

Коммунисттер болсо өкмөт Лениндин борбордогу айкели тууралуу парламент атайын кабыл алган мыйзамды бузууга барды деп санап, азыркы өкмөт башчысын сот жообуна тарттырууга ниеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG