Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:55

Кытайдагы барымтадан качып келген кыргызстандык атуулдар жазаланбайт


Бишкек. Кытайдын Шинжаң аймагында узак мөөнөт барымтада калып, акыры Кыргызстанга качып келген атуулдар административдик же кылмыш жазасына тартылышпайт. Бул тууралуу ишембиде Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматынан кабарлашты. Үстүбүздөгү жылдын июнь жана июль айларында Кытайдан 4 кыргызстандык атуул качып келген. Алардын экөө - Нарын облусунан, калгандары - Ош менен Ысыккөлдөн. Алар бир жарым айга жакын Нарын облусунун улуттук коопсуздук бөлүмүндө кармалып турган. Нарын чек ара бөлүк жетекчилигинин маалыматы боюнча, учурда Кытайда 100гө жакын кыргызстандык атуул соода-сатык иштериндеги карыздарынын айынан барымтада кармалууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG