Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:04

Ишемби күнү Уганданын мурдакы мамлекет башчысы Иди Амин келбес апарга узай берди. Ал соңку жылдары Сауд Арабиясынын Жидда шаарында жашап жаткан. Адам укугун коргоочу уюмдардын маалыматы боюнча, Иди Амин бийликте турган сегиз жыл ичинде аз дегенде 300 миң адам жок кылынган; Угандадан 10 миңдеген азиялыктар куулуп чыккан.

Ишемби күнү Сауд Арабиясынын Жидда шаарында Уганданын мурдакы мамлекет башчысы Иди Амин о дүйнө өттү жана ошол эле күнү жайга берилди.

Иди Аминдин режими Африканын тарыхындагы эң кандуу бийлик эсептелет. Сегиз жылдык анын бийлиги кезинде, кемин айтканда 300 миң адам өлтүрүлгөн же дайынсыз жоголгон. Айрым маалыматтар боюнча, Амин жарым миллион адамдын өмүрү үчүн жооптуу.

Мурдакы боксер Амин тактыга отурар замат, Уганданын экономикасын африкалаштырам деп, азиялык ишкерлерди өлкөдөн үч ай ичинде кууп чыккан жана алардын мүлк-дүйнөсүн өз жан-жөкөрлөрүнө алып берген.

Иди Аминдин режимин сындаган интеллектуалдардын бүтүндөй мууну жок кылынган же өлкөдөн айдап чыгарылган.

Өз элин кырып, азиялык ишкерлерди тоноп, өлкөнүн экономикасын бүлүнткөн диктатор мусулман болгону үчүн Сауд Арабиясы ага баш паанек берет.

Италиялык журналист Риккардо Оризионун айтышынча, төшөктөн турбай калганча мечитке үзбөй барып намаз окуган Иди Амин, же азыр Зимбабведе жашап жаткан Эфиопиянын мурдакы президенти Менгисту Хайле Мариам жана башка диктаторлор өздөрүн күнөөлүү деп санашпайт.(Менгистунун 17 жылдык башкаруусу учурунда 200 миңден көп адам набыт болгон) Мурдакы диктаторлордун бир тобу менен маектешкен Оризионун айтышынча:

- Алардын баары мурдакы саясий, идеологиялык же оторчу жетекчилер бизди сатып кетти деп эсептешет. Алардын баары Батыш бизди өз керегине пайдаланып болгондон кийин, таштап кетти дешет. Ошентип, алар жасаган ишине өкүнбөй, өздөрүнүн ачуу тагдырына өкүнүчтө.

Ушу тушта мекениден алыста бейгам жашап жүргөн мурдакы диктаторлор биз өз учурунда туура жасаганбыз, андан башка айла жок болчу деп актанышат дейт Риккардо Оризио:

- Диктаторлордун баары алардын түз же кыйыр аракетинин натыйжасында жабыркаган ар бир адамды, өлгөн ар бир адамды, ар бир кан төгүүнү чара жоктун иши деп эсептешет. Башкача болгондо андан да жаман болмок. Биз жамандыктын эң жеңил жолун тандап алганбыз. Тарыхый жагдай бизди ушундай аракеттенүүгө аргасыз кылды деген ишенимде алар.

Гаагада Югославиянын мурдакы жетекчилери менен аскер башчыларынын үстүнөн жүрүп жаткан сот жана үстүбүздөгү жылы Эл аралык кылмыш сотунун түзүлүүсү мурдагы зулум-диктаторлор кайда гана жүрбөсүн жоопко тартылат деген үмүттү жандандырды.

Бирок, кээ бир байкоочулар Кошмо Шттатарынын Эл аралык сотту түзүүгө каршы чыгуусу, ошол эле учурда АКШнын өзү, Франция жана Британия сыяктуу өлкөлөрдүн айрым диктатордук режимдерди колдобосо да, аларды көз жаздымында калтыруусу, миң-миңдеген адамдардын өлүмүнө себепкер болгон диктаторлор жазасыз калабы деген күдүк ойду жаратат.

Иннсбурк университетинин философия факультетинин деканы Ганс Келлер мырза мурдакы диктаторлорду өз өлкөсүндө жоопко тартуу жеңил эмес экенине көңүл бөлөт:

- Мени бийликтен кетирилген диктаторлорду өз өлкөсүндө соттоодо эки маселе тынчсыздандырат. Диктатор согушта жеңилген учурда же тышкы күчтөрдүн жардамы менен кулатылган кезде кырдаал же өлкөнүн сот системасы мурдакы лидер үчүн ыңгайлуу болушу ыктымал же мыйзамдар аны жоопко тартууга жол койбошу мүмкүн. Демейде өкмөттүк төңкөрүш болгондон кийин ушундай болот.

Kеллер мырзанын айтымында, кээ учурда диктаторлорго жакшы пенсия же ыңгайлуу сүргүн убада кылып, бийликтен кетирүү оңтойлуу. Анткени, кан төгүүлөрдү болтурбайт, адамдардын башына түшчү оорчулуктун алдын алат. Мындай жол моралдык жактан өзүн актаса да, адамзат үчүн чоң трагедия. Себеби, - дейт Келлер мырза - мындай жол адамдардын диктаторлор алдындагы алсыздыгын күбөлөйт.
XS
SM
MD
LG