Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:58

Казакстанда кара тумоодон 4 жаштагы кыз көз жумду


Казакстандын Кызылордо облусунда кара тумоодон төрт жаштагы кыз өлдү. Ал өткөн жума күнү облустагы Арал шаарындагы ооруканага жаткырылып, бирок бир күндөн кийин көз жумган. Каза болгон кыз менен байланышта болгон 18 адам аныкталып, алардын жетөөсү ооруканага жаткырылды. Калгандары жашаган жеринде карантинге алынды. Каратумоо Казакстандын Актоо шаарында июль айынын аягында чыккан. Маалыматка караганда, адамдар кесел төөнүн этин жегенден бул коркунучтуу инфекцияны жуктуруп алышкан.

XS
SM
MD
LG