Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:10

Батыш Иордандын Иерихо жана Калкилия шаарларынан жөөт аскерлерин чыгарып кетүү боюнча өткөн израилдик-палестиналык сүйлөшүүлөрдө тараптар бир бүтүмгө келе алышкан жок. Израилдин эки шаарда аскерий бекеттерди сактоо мүдөөсү сүйлөшүүнүн ийгиликсиз бүтүшүнө себеп болду. Палестин тарап аскер бекеттерин калтыру - мурдакы эки жактуу келишимдерди бузуу деп санайт. Сүйлөшүлөр эми шейшшемби күнү улантылат.

Жекшемби күнкү израилдик-палестиналык сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктаса, 18-август күнү жөөт аскерлери Батыш Иордандын Иерихо жана Калкилия шаарларынан чыгып кетмек. Израилдин коргоо министри Шаул Мофаз менен Палестина автономиясынын коопсуздук кызматынын башчысы Мохаммед Дахландын ортосунда өткөн аптада жетишилген келишимге жараша, жөөт күчтөрү келээрки жумада Рамалла жана Тулкаремди да бошотмок.

Жекшемби күнү эртең менен Израил бийликтери алардын издөөсүндөгү палестин согушчандарын Палестинанын коопсуздук күчтөрү кармап берсин деген талабынан баш тарткандан кийин, эки жактуу сүйлөшүүлөр кынтыксыз өтчүдөй көрүнгөн.

Бирок сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Израил жаңы шарт койгон. Мохаммад Дахланд өкүлүнүн маалымдашынча, Израил эки шаар палестин бийликтерине өткөндөн кийин да, жөөт күчтөрү өз бекеттерин сактап калышы керек деп чыккан.

Израил армиясынын өкүлү жекшемби күнкү сүйлөшүү бүтпөй калганын тастыктап, бирок анын себептери жөнүндө эч кандай маалымат бербеди.

Эки жактын ырасмий билдирүүлөрүнө караганда, сүйлөшүү өтө кечиксе, шейшемби күнү кайра улантылат.

Ал эми “Нью-Йорк Таймс” гезитинин билдиришинче, Израил жак террорчу катары алар кармоону каалаган адамдарды палестин коопсуздук күчтөрү кантип көзөмөлдөөрүн, анын майда-барат планын берүүнү Дахландан талап кылган.

Израил башта террорчу деп шектелген адамдардын палестиналык күчтөрдүн көзөмөлүндө калуусуна макулдук берген эле. Бирок өткөн шейшемби күнү палестин жанкечтилеринин эки жолку чабуулунан израилдик үч жаран өлгөндөн кийин, Шаул Мофаз эки жолу Мохаммед Дахлан менен кездешип, Израил террорчу деп тапкан адамдардын камакка алынышын кайрадан талап кылган.

Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом жекшемби күнү Иерусалимде жасаган билдирүүсүндө, Израилдин талабы жөнүндө мындай деди:

- Биздин бир милдеттенмебиз: 2000-жылдын 28-сентябрына чейинки чекке аскерлерди чыгарып кетүү жана биз аны аткаралы деп аракет жасоодобуз. Биз, ошол эле учурда, палестиналыктардын өз милдеттенмесин аткарып, террорчул уюмдардын инфраструктурасын кыйратуусун, мыйзамсыз куралдарды жыйнап-чогултуусун жана региондогу калабага коопсуздук туудурган терроризмди тыйуусун өтүнөбүз.

Силван Шалом Палестинанын лидери Ясир Арафатты өкмөт башчы Абу Мазендин аракетине тымызын бут тосуп, палестиналыктарды күрөшкө шыкактоодо деп да күнөөлөдү. Эгерде, “Абу Мазен террорчуларды тыя алса, акыркы 10 жылда аны токтото албаган Арафат уят болот”, - деди Шалом.

Израил аскерлери Иерихо, Калкилия жана башка шаарларды үч жыл илгери палестиналыктардын жөөттөргө каршы интифадасы башталганда ээлешкен жана алардын атрабында палестиналыктардын каттоосун көзөмөлдөө максатында ондогон бекеттерди орнотушкан.

“Бекеттер алынып салынбаса, аскерлерди чыгарып кетти деп болбойт. Адамдар эркин каттоосу шарт”, - дейт Палестинанын маалымдоо министри Набил Амр.

Ал эми Калкилиянын мэри Мааруф Захрандын айтымында, шаарды үч жагынан кыскан израилдиктердин аскерий бекеттери менен жаңы курулган “коопсуздук коргону” тургундарды дыйкан чарбаларына өткөрбөйт.

“Эми бизден шаардын ичиндеги коопсуздукка да жооп бергиле дешет”, - деп Захран мырза нааразы.
XS
SM
MD
LG