Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:48

ТЕРРОРИЗМ: ЭЛЕКТ КУБАТЫ МЕНЕН КАМСЫЗДОО СИСТЕМАСЫ БУТАГА АЛЫНЫШЫ АЖЕП ЭМЕС


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары. Өткөн жумада Американын электр кубаты менен камсыздоо системасында болгон кырсыкка адамдардын катасы жана техникалык мүчүлүштүк себеп болгондугу болжолдонот. Бирок серепчилер эмки жолу андай капилет алааматка террорчулар себеп болушу деле ыктымал, ошондуктан өкмөт электр кубаты тармагын ишенчиликтүү коргоо үчүн чара көрүүсү абзел деп жатышат.

Америка менен Канаданын 240 миң чарчы километр аянты электр кубатысыз калган окуя болбоого тийиш эле. Бирок андай кырсык орун алды. Байкоочулар окуя кайталанбайт дегенге кепилдик жок экенин жана эмки жолу андай кырсыкка террорчулардын аракеттери деле себеп болушу ажеп эмес деп жатышат.

Өткөн бейшембидеги кырсыктын кесепеттери жойулуп жаткан кезде Нью-Йорк шаарынын акими Жорж Патаки техниканын азыркы өнүгүү баскычында мындай окуя болбошу керек экенин билдирген:

- Азыр 2003-жыл. Өлкөнүн түндүк чыгыш, ортоңку, батыш региондору менен Канаданын ири чөлкөмдөрүндө электр кубаты менен камсыздоо системасы өчүп калбашы керек болчу. 60- жана 70- жылдарда болгон ушундай эле окуялардан кийин биз андай кырсык кайталанбайт деген элек. Бирок иш жүзүндө биз азыр болуп көрбөгөндөй чоң аварияга туш болуп отурабыз.

Бирок эксперттер андай кырсыктын орун алганында таң калыштуу деле нерсе жок экенин, өлкөнүн электр кубаты менен камсыз кылуу системасынын эскилиги жетип, заман талабына жооп бере албай баратканын айтышууда. Американын электр кубаты тармагы бүткүл чарбаны кыш айларында жылуулук менен камсыз кылып, ал эми жай айларында турак үйлөр менен мекемелердин имараттарын салкын кармап турат. Американын ири аймактарында жайында ысык 30 градустан ашкандыктан, америкалыктардын дээрлик баары үйлөрүн кондиционерлер менен салкындатып турушат. Андай аба муздаткычтары дүкөндөр, ресторандар жана башка коомдук жайлардын дээрлик баарында орнотулган. Андан сырткары, электр кубаты кир жууган машинелерди, муздаткычтарды, микротолкун менен иштөөчү мештерди, радио жана телевизорлорду иштеткенге пайдаланылат. Электр кубатын үнөмдөө үчүн электр тогу Кошмо Штаттардын шаар-кыштактарына маал-маалы менен берилбей калган учурлар арбын орун алат.

Бирок өткөн бейшембидегидей өлкөнүн ири аймактары караңгылыкка батып, үйлөрдө радио менен телевизорлор иштебей тунжурап, поезддер менен трамвайлар токтоп, лифттер жүрүп бараткан жеринде иштебей калган учур биринчи жолу болуп отурат. Американын борбор чөлкөмдөрүнөн баштап Атлантика жээктерине чейинки аймактары бир эле убакта көзгө сайса көрүнгүс караңгыда калганы оболу "бул иш террорчулардын колунан келген жогу?" деген ойлорду да пайда кылды. Электр жарыгы техникалык себептерге байланыштуу өчүп калганы аныкталса да, окуянын өзү террорчулардын саботаж кылуусуна дагы бир мүмкүндүк ачып жаткансыйт. Өлкөнүн Ички Коопсуздук Кызматынын координатору Жэйми Мецл бейшемби күнкү кырсык өлкөнүн талуу жери кай жерде экенин даана көрсөткөнүн белгилеп, террорчулардан сактануу үчүн өкмөт энергетика тармагынын чабал жерлерин оңдоп, алардын коопсуздгун чындоо үчүн чукул чара көрүшү керек экенин айтат. Мецлдин божомолунда, ал үчүн кеминде 50дөн 100 миллиард долларга чейин акча керек болот.

АКШнын "Херитэж Фаундейшн" корунун изилдөөчүсү Жеймс Филипс энергетика тармагы жаңы, заман бап технологиянын негизинде кайра жабдылып чыгышы керек экенин, каскад тибинде курулган инфраструктура өзүн ишенчиликсиз көрсөткөнүн кошумчалайт:

- Жаңы технологиялар менен жаңы кубаттуулукка инвестиция жасоо маанилүү. Электр энергия тармагынын инфраструктурасы бир жерде бузулуу болгондо, бүткүл система туташ иштен чыгып кала турган каскаддык системадан баш тартууга тийиш, - дейт Филипс.

Филипс "электр кубаты тармагы террордук чабуулдун бутасы боло албайт", - дегендердин жүйөөсүн четке кагып, террордун максаты - жалаң эле киши өлтүрүү жана маанилүү объекттерди кыйратуу эмес, адамдарды басмырлап, моралдык жактан кемсинтүү да болушу ыктымал экенин белгилейт. "Ошон үчүн эмки жолу электр кубаты менен камсыз кылуу тармагы террорчулардын бутасы болуп калышы ажеп эмес", - деп эскертет Филипс.
XS
SM
MD
LG