Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:14

Бүбүкан Досалиева, Прага Дүйнөдөгү “эргежээл мамлекеттердин” ичинен төртүнчү орунда турган Лихтенштейндин падышасы Ганс Адам Экинчи Европа Биримдигинен чыгып кетээрин билдирди. Буга Европа Биримдигинин Лихтенштейндин Конституциясындагы өзгөртүүлөр Биримдиктин талаптарына дал келбейт деген билдирүүсү түрткү болду. Европадагы кичинекей мамлекеттин Европа Биримдигинен чыгышы мүмкүнбү жана буга кандай жагдайлар өбөлгө болду?

Швеция менен Австриянын ортосунан орун алган кичинекей Лихтенштейн мамлекетининин жалпы аянты 60 чарчы километр. Калкынын саны 33 миңге жакын. Аны канзада Лихтенштейндин мураскорлору 300 жылдан башкарып келе жатышат. Азыр мамлекет башында турган канзаада Ганс Адам Экинчинин тактыда олтурганына 20 жылдан ашып калды. Ал ушул жылдын март айындагы референдумга чейин өлкө парламентин таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялоо укугуна ээ болчу. Марттагы референдумда “Конституцияга өзгөртүү киргизип, өкмөттү да таратуу, сотторду дайындоо жана өзгөчө кырдаал жарыялоо укугун бербесеңер өлкөдөн чыгып, Австрияга кетип калам” деп жатып, ал мындай укуктарга ошол марттагы референдумдун негизинде ээ болгон.

Лихтенштейндин канзаадасы Ганс Адам Экинчи ээ болгон мына ушул укуктар Европа Биримдиги менен бул өлкөнүн мамилесин салкындатты. Анткени Биримдиктин “Мыйзамдар аркылуу демократияга” аттуу комиссиясы Конституцияга киргизилген соңку өзгөртүүлөрдү сынга алып, ал “падышанын жеке бийлигин өтө эле күчөтүп жиберди” деп баалады. Мындай жыйынтык Биримдиктин байкоо жүргүзүү комиссиясынын өкүлдөрү өткөн айда, Лихтенштейндин борбору Вадуц шаарына барып иликтөө жүргүзүп, ханзааданын саясатын жактагандар жана оппозицияда тургандар менен да жолугуп, алардын пикирин сурамжылаганда пайда болду. Ал тууралуу байкоо жүргүзүү комиссиясынын Страсбург шаарындагы катчылыгынын башчысы Каролин Равод мындай дейт:

- Лихтенштейндин Конституциясына 2003-жылдын март айында киргизилген өзгөртүүлөр өлкөдө плюралисттик демократия мүмкүнбү? - деген күмөн саноону пайда кылат.

Бул байкоо жүргүзүү комиссиясы иликтөөсүнүн акыркы жыйынтыгын Биримдиктин күзүндө болуучу жыйынынын кароосуна коёт. Эгерде Европарламент Лихтенштейндин Конституциясындагы өзгөртүүлөр стандартка дал келбейт деген чечимге келсе, анда Лихтенштейн тутумуна 44 мамлекет кирген Биримдиктен чыгуу же Конституциясын өзгөртүү керек деген эки чечимдин бирин тандоого мажбур болот.

Бирок, 58 жаштагы канзаада Евробиримдик өлкө Конституциясын өзгөртүүнү талап кыла электе эле уюмдан чыгып кетүүгө даяр экендигин жарыя кылды. Ал бул оюн “Лихтенштейнер Фатерланд” деген гезитке берген интервьюсунда: “Бул уюмга мүчө болуп каражат менен убактыңды гана коротосуң, анын пайдасынан зыяны көп”, - деп билдирди.

Ал эми Лихтенштейндин премьер-министр Отмар Хаслер башында турган өкмөтү башкача пикирде. Өкмөттүн басма сөз катчысы Жерлинде Манз-Кристтин айтымында, Швеция менен Австриянын кычыгында турган кенедей Лихтенштейн үчүн Европа Биримдигине мүчө болуу өтө маанилүү жана мүчөлүк анын мамлекет катары өз көз караштарын эл аралык деңгээлде билдирүүгө шарт түзүп турат:

- Өкмөт Европа Биримдиги өтө олуттуу эл аралык уюм экендигине ишенет жана Лихтенштейн үчүн да зор мааниге ээ. Ошон үчүн биз уюм менен кызматташууну активдештирип, иштей беребиз, себеби биз мыйзам, жакшы башкаруу жана демократия жаатында аны колдойбуз.

Европа Биримдигинин байкоо жүргүзүү комиссиясынын Страсбургдагы катчылыгынын башчысы Каролин Раводдун ою боюнча, Лихтенштейн менен Биримдиктин мамилесиндеги салкындык бир гана канзаада Ганс Адам Экинчинин жеке пикиринен улам пайда болууда жана кенедей өлкөнүн жалпы калкынын ою башкача:

- Менин оюмча, бул бир гана канзааданын көз карашы. Бул жалпы Лихтенштейндиктердин ниетин билдирбейт.

Лихтеншейндеги оппозициячыл маанайдагы Патриоттор биримдиги канзааданын билдирүүсү боюнча эч кандай түшүндүрмө берген жок. Анын мүчөлөрү эки анжы көз карашты жаратып турган маселе боюнча саясий чайкоочулук кылууну каалашкан жок. Ал эми март айындагы референдум алдында Демократиялык секретариаттык партиянын өкүлү Сигварт Вольвенд “Ганс Адам Экинчинин укугу дагы кеңейтиле турган болсо, анда өлкөдө анык диктатура орнойт”- деп каршы чыккан болчу. Бирок анын Австрияга кетип калам деген коркутуусунан улам монархиялык үй-бүлөнү сыйлап көнгөн лихтенштейндиктер референдумда анын укугун кеңейтүүгө макул деп добуш беришкен.

Ал эми Лихтенштейн Европа Биримдигинен чыгып кетем деген биринчи өлкө эмес. Биримдик 1969-жылы Грекиянын аскерий режимин сынга алып, аны мүчөлүктөн чыгараарда, ал өзү озунуп чыгып кеткен. 1981-жылы Түркиядагы аскерий төңкөрүштөн кийин Европарламент бул өлкөнүн парламентарийлеринин ордун жоюп салган.
XS
SM
MD
LG