Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:58

АЛЫМБЕК ДАТКА


Кожогелди Култегин, Ош Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган Оштогу майрамдык салтанаттардын бири Алымбек даткага арналкмакчы.

Ошто алдыда келаткан майрам күндөрдүн бири - 28-август - «Алымбек датка - 2003» театр фестивалы менен коштолот. Анда шаардагы филармония, театрлар Алымбек датканын образын чагылдырган спектаклдерин, театралдык көркөм баяндарын, ыр күүлөрүн элге тартуулайт. Ага кошумча кол өнөрчүлөр менен, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулат.

Салтанат «Алымбек датканын айылы» аттуу жалаң боз үйлөр тигилген атайын жайда өткөрүлөт. «Атын атаса куту сүйүнөт» дегендей, жок дегенде Ошто ушинтип бир күндүк оюн-зоок Алымбек датканын аты менен аталып коюлганына «иншалла» дегендер биртоп. Анткени Курманжанды Курманжан кылган атактуу Алымбек датканын 200 жылдыгын өкмөттүк деңгээлде белгилейли деген көптөгөн демилге-сунуштар суу кечпей, быйыл ал кишинин туулганына 204 жыл болуп кетти. Элдин бирдаары мамлекеттүүлүктүн жылында Алымбек даткага байланыштуу мындай маданий эмес, саясий иш-чара уюштуруш керек десе, бирдаары жок дегенде илимий конференцияны кошуп өткөрүү абзел деген пикирде.

Баргы уруусунан чыккан Асанбий уулу Алымбек датка 17 жашынан саясатка аралашып, 32 жашында датка даражасын алган. Кыргыз аймактарынын коопсуздугун камсыз кылууда эмгеги зор. Алымбек датканын мамлекеттик ишмердүүлүгүнө тарых илимдеринин доктору Ташмамбет Кененсариев кыскача токтолот:

- Алымбек датка 1831-жылдан 1845-жылга чейин Ош вилайетин башкарып, хандыкка аралашып, Кокон хандыгындагы саясий иштерде жүргөн. 1858-жылы Кудаяр хандын улуу агасы Малабекти такка отургузуп, өзү баш вазир, ошол эле учурда Анжиян вилайетине аким болгон. 1858-жылы Анжиян вилайетинин борборун Ош шаарына көчүрүп келген. Ошентип ал Кокон хандыгы тушундагы чоң саясий бийликке жетишкен. Бирок 1860-жылы Түндүк Кыргызстанга Орусия басып киргенде Малабек аны орустарга каршы согушка жиберген. Узунагаш деген жердеги урушта ал орустарга каршы аскерлерин алып кирбей коёт. Анткени түндүк менен түштүк кыргыздарын бириктирип, өзүнчө тоолуу өлкө курууга аракеттенген. Ошол максатта түндүк кыргыздардын манаптары менен сүйлөшүп, орустарды ымалага келтириш үчүн Кокон хандыгынан баш тартып, согушка кирбей койгон. Анысы Малабек ханга жакпай, куугунтукка кабылган. 1862-жылы жазында башка бийлер менен биригип, Малабек ханды өлтүрүп, анын ордуна Сакболот деген 14 жашар баланы такка отургузуп, ага өзү баш вазир болгон. Бүт хандыктагы ишти толук колуна алган. Бирок ошол мезгилде саясий аренага чыгып калган кыргыздардын дагы бир күчтүү инсаны Алымкул аталык деген киши чыгып, а мезгилде ал Маргалаңдын акими болчу, ошол Кудаяр ханга кошулуп, кансарайдагы кутумдуктун айынан Алымбек датка 60 жашында курман болгон.

Алымбек датканын Ошто жасаган иш-чараларын профессор Ташмамбет Кененсариев төмөндөгүчө белгилейт:

- Алымбек датка медресе курдурган. Ал медресе Кыргызстандагы чоң медресенин бири болуп эсептелген. Медресенин 28 каанасы болгон. Ал жерде бир жылда 120 адам окуган. Бухарадан, Аравиядан, Самаркандан молдолор келип сабак беришкен. 9 көпүрө курдурган, 9 арык каздырган, Төлөйкөн арыгы, Жоош арыгы, Жапалак арыгы, Баргы арыгы, Улан арыгы, Сабай арык, Анжиян арыгы, Коңурата арык, Кыдырша арык деген. Ушунун ичинен бир арыкты айтып коюш, керек бул - Баргы арык деп койгон, азыркы Сулайман тоонун тегерегинде, кийин Жанат арык деп аталып калды, ошонун нугу азыр деле бар. 9 тегирмен жана майжубас курдурткан.

Т.Кененсариев Алымбек датканын өз деңгээлинде бааланбай жатканына өкүнүч билдирди:

- Курманжан датканын 180 жылдыгын өткөргөн мезгилде Чыгыштагы аялзатынан чыккан коомдук, мамлекеттик ишмер катары а кишиге көңүл буруп, Алымбек датканы чоң аренага чыгара албай калганбыз. Азыр тарыхый тастыкталуу, мамлекеттик жылы болуп атканда Алымбек датка сыяктуу чоң инсандарга туура баа беришибиз керек.

Түштүктөгү белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Мухтар Нургазиев аксакал Алымбек датка республикалык деңгээлде даңкталышы керек деп эсептейт:

- Алыбек датка жөнүндө 200 жылдыгы болот деп сөз болуп, аракеттер болду. Биз анда мындай адамдарды эскерүү - бул келечек үчүн, келечек муундар үчүн керектүү деп айтканбыз. Алымбек датканы эскерүү, аны салтанаттуу белгилөө, ал ким болгон, кандай кызмат кылган, ким экенин жалпыга жайылтуу Ошто гана жүрбөстөн, өлкө деңгээлинде жүрсө, андан эч нерсе уттурбайбыз, утабыз.
XS
SM
MD
LG