Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:35

БАБАЛАР МУРАСЫНАН «ОП, МАЙДА»


Байыркы кыргыздар мал чарбачылык менен бирге жер айдашып, эгин себишип, дыйканчылык менен да алектенишкен. Алар таман акы, маңдай терлерин ырга кошушкан. Алсак, кыргыздардын жерге, түшүмгө болгон мамилеси «Эгин сепкенде», «Эгин бышып турганда», «Оп, майда» аттуу ырларында баяндалган.

Карт тарыхтын барактарына кайрылсак, байыркы кыргыздар төрт түлүк мал чарбачылык менен «Жер эмгекти жебейт» дешип, кара жерди каңтара кош айдашып, Баба дыйканчылык менен да кара терин төгүшкөн. Андай албан ак эмгекти ырга кошкон. Алар айдашып үрөн себишкенин «Эгин сепкенде», жайкала баш алганда «Эгин бышканда», бышкан түшүмдү жыйноого карата «Эгин «оргондо», чабылган эгинди бастырганда «Оп, майда» аттуу ырларды чыгарышат. Алардын ичинен «Оп, майда» ыры калк арасына кеңири тараган. Ал күзүндө эгинди кырманда бастырып жаткан мезгилде ырдалган ырда түшүмдүн мол алынышы, ага жараша топондордун көп алынары, жайлы-жайлай далы күйгүзүп баккан эгинди кар алдына калтырбай, ысырап кылбай эртелеп жыйнап алуу максаты ырдалган.

Кыргыздар жана түрк урууларынын көпчүлүгү байыркы убакта эгинди уй, өгүз, ат менен бастырып алышкан. Ал үчүн эгин чачылган кырмандын ортосуна чоң жыгач мамы орнотулуп, ага өгүздү же уйларды катарга тизип байлаган. Айдаган убакта байланган жип айланып турган. Дал ошол жип байланып турган жыгач (мамы) түрк урууларында «Оп» деп аталган. Бир эле мезгилде «оп» - «чап» деген маанини түшүндүргөн. Ошондой эле темин бастыруу убагында кырмандан сыртка чыгып кеткен малды «Оп» деп чаап айдаган.

Байыркы «Оп, майданынын» өзүнө таандык эмгек ритмин ачык-айкын айкалыштырган жандуу, жайдары мүнөздөгү сабатмалуу обондо ырдалган. Ырда аллитерация үстөмдүк кылып, анын укулуктуулугун, обондуулугун арттырган. Темин басууда «Оп, майданы» ырдагандар ырахат алышкан.

Азыркы кезде темин илгеркидей басылбай калды. Ошондой болсо да «Оп, майда» ыры кагаз бетинде жашап келет. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында эгиндер чабыла баштады. Айрым аймактар бүтүп да коюшту. Кээ бир чөлкөмдө эгин чабуу кызуу жүрүүдө. Кайратман дыйкандардын түшүмү мол болушун каалап, элдик ыр «Оп, майданы» чогуу угалы, урматтуу угармандар!
XS
SM
MD
LG