Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

Нарындан делегаттар шайланды


НАРЫН. 18-августта Нарын шаарында оппозициянын жыйыны болуп, анда 23-августта Аксы районунун борбору Кербен айылында өтүүчү 3-элдик курултайга делегаттар шайланды. Бул жөнүндө «Азаттыкка» Кыргызстандын укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун билдирди. Турсунбек Акун жыйында эки делегат шайлангандыгын, алардын ысымдарын айтуу азырынча эрте экендигин, жакынкы күндө дагы кошумча делегаттар шайланаарын, тоолуу региондон шайланган делегаттар учурдагы облустун социалдык-экономикалык абалы, адам укугунун тебелениши, сөз эркиндиги боюнча курултайда маалымат беришээрин билдирди.

Кабарлар топтомун Бишкекте Бурулкан Турдубек кызы, Бакыт Аманбаев даярдашты

Редакциялаган Бекташ Шамшиев

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG