Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Тажикистан мене Кыргызстандын эки районунун жетекчилиги жолугушат


БАТКЕН. Бүгүн Лейлек райондук кеңешинен алынган маалыматка караганда, өткөн ишемби күнү райондук кеңеш төрагасы Абдубакир Курманбаев баштаган топ Максат айылынын эли менен жолугушуп, алардын арызын укту. Жергиликтүү калктын айтымында, жакын жердеги Тажикстандын чек ара бөлүгүндөгү чек арачылар кечкисин эки өлкө чегин бөлгөн жолду бойлой кайгуул күзөтүнө чыгышат. Жакын жерде куралчан тажик жоокерлеринин жүрүшү элди кооптондурат. Кыргыз атуулдары Тажикстандын Калача айылына соода-сатык менен барып келүүдө тажик чек арачыларынын жөнсүз текшерүүлөрүнө дуушар болушат. Жолугушууда Максат айылынын тургундары тажик чек арачыларынын кайгуулун токтотуу талабын коюп, болбосо кыргыз тарап да чек арачылардын кайгуул күзөтүнө чыгаруу керектигин белгилешти. Учурда райондук бийлик бул маселени изилдөөнү Лейлек чек ара бөлүмүнө тапшырды. Ушул жуманын соңунда жогорудагы маселелерди жөнгө салуу үчүн Лейлек районунун бийлиги Тажикстандын кошуналаш Гафуров районунун жетекчилиги менен жолугушмакчы.

XS
SM
MD
LG