Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:24

Кыргызстан Тажикстан менен чекара маселесин козгой элек


БИШКЕК. Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы чекара биротоло такталып бүттү. Эки өлкөнүн чекарасын аныктаган мамылардын соңкусу 10-августта орнотулду. Бул тууралуу бүгүн тышкы иштер министринин орунбасары Лидия Иманалиеванын катышуусунда өткөн маалымат жыйынында айтылды. Андагы маалыматтарга караганда, кыргыз-кытай чекарасы тууралуу протокол 2004-жылдын 1-жарым жылдыгында кабыл алынышы күтүлүүдө. Кыргыз өкмөтүнүн регионалдык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламановдун айтымында, калган кошуна өлкөлөрдүн ичинде Казакстан менен талаштуу аймак жок. Келерки жылы тараптар чекараны демаркациялоого киришет. Чекаралар тактала элек өлкөлөрдүн катарына Өзбекстан, Тажикстан кирет. Тажикстан менен Кыргызстан ортосунда чекараны тактоо багытында эч кандай маселе көтөрүлө элек.

XS
SM
MD
LG