Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:05

Орусия президенти Кыргызстанга иш сапары менен келет


БИШКЕК. Орусиянын Кыргызстандагы «Кант» авиабазасынын ачылыш аземи үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын аягында өтөт. Ага катышуу үчүн Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга 23-октябрда иш сапары менен келээри пландаштырылууда. Мындай маалымат бүгүн күнү тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Эркин Мамкуловдон алынды. Ал эми Кыргызстандын коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Мирбек Койлубаевдин айтымында, Владимир Путиндин иш сапарына чейин Орусия менен Кыргызстанды коргоо министрлери «Канттагы» авиабаза жөнүндөгү эки тараптуу аскердик келишимге кол коюшат. Жөрөлгөнү орусиялык тарап даярдап жаткандыктан келишимге кайсыл күнү кол коюлары азырынча белгисиз.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG