Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Коммунисттер Лениндин эстелигин көчүрүүгө каршы


БИШКЕК. Кыргыз бийлиги Бишкектин борбордук аянтынан В.И.Лениндин эстелигин башка жакка көчүрүү менен мыйзамга кайчы иш жасады. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны депутаттары Апсамат Масалиев, Бейшебек Акунов жана Адахам Мадумаров дүйшөмбү күнкү маалымат жыйынында ушундай билдирүү жасашты. Кыргызстан коммунисттик партиянын башчысы Апсамат Масалиевдин билдиришинче, партия бул маселе боюнча элге, эларалык уюмдарга атайын кайрылуу даярдоодо. Партия эстеликти ордунда калтыруу суранычы менен 16-августта президент Аскар Акаевге телеграмма жөнөткөн, премьер-министр Николай Танаевге, эстеликтерди коргоо коомуна кайрылган. Депутаттар эстеликти «Алатоо» аянтынан башка жакка көчүрүүгө жол берген президент 2000-жылдын 13-июлунда өзү кол койгон «В.И. Лениндин эстелиги жөнүндөгү» мыйзамды бузду.
- Президенттин буйругусуз, «Алатоо» аянтында турган, Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алган эстеликке Николай Танаев өз эрки менен жасагыдай ал азырынча «жолборс» болуп кете элек, - деди А.Мадумаров.
Бишкектин Биринчи Май райондук мамлекеттик администрация башчысы Токон Шайлиева мыйзам бузулган жок деп эсептейт. Лениндин эстелиги Жогорку Кеңеш имаратынын алдындагы аянтка тургузулат.

XS
SM
MD
LG