Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Кыргыз-өзбек алакалары


БИШКЕК. Кыргызстандан Өзбекстанга каттаган кыргызстандык атуулдардын паспортторуна мындан ары белги коюлбайт. Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын 15-августтагы Ташкен жолугушуусунда өкмөт башчылар ушундай бүтүмгө келишти. Бул маалымат дүйшөмбүдө премьер-министрдин иш сапарынын жыйынтыгына арналган пресс-жыйында айтылды. Өкмөттүн регионалдык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов маалымат жыйынында кыргыз-өзбек чекарасына байланышкан маселени төрт баскыча бөлүп түшүндүрдү. Анын айтымында, чекаранын 697 чакырымы делимитацияланды, ага байланышкан макулдашууну тараптар ушул жылдын этегине чейин иштеп чыгып, кол коюуга сунуштай турган болду. Чекаранын 228 чакырымы боюнча иш аяктоо алдында турат, 314 чакырым аралыгында азыноолак талаштуу аймактар бар. Чоң талаш туудурчу аймактардын жалпы аянты 260 чакырымды түзөт.

XS
SM
MD
LG