Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:27

Британияда Девид Келлинин иши боюнча соттук териштирүү уланууда


Өлкөнүн коргоо министрлигинин кеңешчиси, маркум Девид Келлинин билегинен кан тамырлары кесилген сөөгү өткөн айда өз үйүнөн алыс эмес жерде, токойдон табылган болчу. Британ өкмөтүнүн Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары жөнүндөгү докладына байланыштуу британ коомчулугунда тутанган чатактын чок ортосунда калган Девид Келли өз жанын өз кыйды деп эсептелип келүүдө. Себеби британ өкмөтү өз докладында Ирактан келген коркунучту апыртып жиберген деген маалыматты Би-Би-Сиге берген адам катары дал ушул Девид Келлинин аты аталган. Премьер-министр Тони Блэрдин бүгүн сотто сурак берген аппарат башчысы Жонатан Пауэллдин билдиргенине караганда, Девид Келлини маалымат булагы катары атоо жөнүндөгү чечим өкмөттүкү эмес, коргоо министрлигиники Келечекте сотто премьер-министрдин Тони Блэрдин өзү жана коргоо министри Жеф Хун да көрсөтмө берээри белгиленген. Би-Би-Си Девид Келли маалымат булагы болгонун ал өлгөндөн кийин гана ырастады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG