Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:00

АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Борбор Азияда жүрөт


Ричард Лугар азыр Өзбекстанда жүрөт. Ал Ташкентте президент Ислам Каримов баштаган бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү. АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комитетинин төрагасы мунун алдында Алматыда, казак бийликтери менен жолуккан учурунда Вашингтон Борбор Азия өлкөлөрүнө бубон чумасы менен күрөшүүгө 40 миллион доллар ажыратаарын убада кылды. Бул каражатка Казакстанда жаңы лаборатория курулмакчы. Өткөн аптада Казакстанда бубон чумасынан төрт жашар кыз каза таап, аталган илдетке кабылды деген шек менен 100дөй киши ооруканага жаткырылган.

XS
SM
MD
LG