Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:54

ИРАКТАГЫ АКЫРКЫ ОКУЯЛАР


Нарын АЙЫП, Прага Ирактын мунай куурларына улам жаңы чабуул жасалып, өрт чыгып жаткандыктан, өлкө согушка чейинки өндүрүш деңгээлине жете албай жатат. Андан тышкары, америкалык аскерлер менен жергиликтүү жоокерлер ортосунда дагы улам жаңы куралдуу кагылышуулар орун алууда, ал эми америкалык аскерлердин чабуулунан 17-августта "Рейтерс" сыналгысынын оператору Мазен Дана курман болду.

20-мартта Ирак согушу башталгандан бери өлкөдө ар башка дүйнөлүк маалымат каражаттарынын 16 кызматкери курман болгон жана Мазен Дана - каза тапкан он жетинчи адам болду. Бул согушта "Рейтерс" өзүнүн экинчи кызматкерин жоготту Багдад шаарындагы мейманканадагы оператор Тарас Процюкту 8-апрелде америкалык танк атып өлтүрүлгөн. Анда да, азыр дагы америкалык жетекчилик аскерлер өзүн өзү коргоого аргасыз болгон деп билдирүүдө. 17-августта дагы америкалык танк Мазенди мээлеп ок аткан, анткени анын колундагы камераны солдаттар колго көтөрүп жүрүүчү ракета аткыч деп ойлогон.

Нью-Йорк шаарында жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети жана Париждеги "Чек арасыз репортёрлор" деп аталган уюм америкалык жетекчиликке кайрылып, окуяны тыкан изилдеп чыгууну талап кылууда. "Рейтерстин" аткаруучу деректири Том Глосердин айтымында, 43 жаштагы Дана сыналгынын эң мыкты операторлорунун бири болчу жана мурда бир нече журналисттик сыйлыкка татыган. 17-август - анын Иракта иштеген акыркы күнү болчу, ал кошуна Иорданияга которулуп жаткан.

Америкалык аскерий жетекчиликтин өкүлү Гай Шилдстин айтымында, Иракта абдан көп куралдуу кагылышуулар болуп жаткандыктан, америкалык аскерлер кайсы бир шектүү адамга каршы ок атаардын алдында ар бир учурда асманга ок атып отура албайт жана бул тууралуу эрежелер өзгөрбөйт.

18-август күнү Тикрит шаарынын алдында куралдуу кагылышуу болуп, эки америкалык аскер жараат алды жана кол салгандардын арасынан бир жоокер өлтүрүлдү. Ошол эле күнү Багдад шаарындагы кагылышууда дагы бир ирактык жоокер курман болду. Партизандар борбор калаага келчү суу куурун жардырып жибергендиктен, Багдаддын түндүк аймактары азыр суусуз калды. Өлкөнүн түндүгүндөгү Киркук шаарынан кошуна Түркиянын Жейхан портуна келчү мунай куурунда дагы жардыруу болуп, анда азыр оңдоо иштери жүрүүдө.

Куур 13-августта эле иштей баштаган жана 15-августта анда жардыруу болду. Бир нече сааттан кийин өрт өчүрүлгөн соң, куурдун башка бир жеринде дагы жарылуу болду. Адистердин айтымында, аны калыбына келтирүү үчүн он күндөн эки аптага чейинки убакыт керек. Ирактын убактылуу америкалык башкаруучусу Пол Бремердин пикиринде, мындай окуяларды саясий саботаж деп аташ керек: "Саясий өзгөрүүлөр менен кошо, Иракта экономикалык кайра куруу да керек, анткени өлкөнүн экономикасы кырк жылга созулган туура эмес башкаруучулуктан абдан көп жапа чеккен. Азыр дагы андай жапа чегүүлөргө саясий саботаж себеп болууда, мисал үчүн, Киркук кууруна жасалган чабуулдан ирак эли күнүгө жети миллион доллар жоготууда".

Эгер оңдоо иштери эки аптага уланса, бул жардыруудан улам болгон чыгым 100 миллион доллардан ашат. Согушка чейин Иракта күн сайын эки миллион баррел мунай өндүрүлчү жана америкалык жетекчилик өлкөнүн мунай өндүрүшүн калыбына келтирип, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин күнүмдүк өндүрүштү бир жарым миллион баррелге жеткирүүнү пландаган. Бирок мындай чабуулдар уланса, ал максат ишке ашырылбай кала тургандай.

Анткен менен Ирактын мунайынын эл аралык базарга чыкпай жатышынан ОПЕК уюму убактылуу пайда табууда жана бир баррел мунайдын баасы азыр 28-29 доллардын тегерегинде. Эгер ирак мунайы толук өлчөмдө экспорттолсо, "Рeйтерс" маалымат агенттигинин айтымында, баалар бир нече долларга төмөн түшүп кетмек.
XS
SM
MD
LG