Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:46

Шейшембиде ирактык күрттөрдүн куралчан отряддары Саддамдын тушунда өлкөнүн вице-президенти болуп турган Таха Ясин Рамаданды колго түшүрүштү. Алдыдагы апталарда Ирактын борбордук бөлүгүндө Польшанын аскерлери баштаган көп улуттуу күчтөр жайгаштырылат. АКШнын Мамлекеттик департаменти билдиргендей, ирактык шийи мусулмандардын ыйык жайлары орун алган бул чөлкөмдөгү коопсуздукту бардыгы болуп 30 мамлекеттин жоокерлери камсыз кылмакчы.

Ирактык күрттөр колго түшүргөн Саддамдын эң ишеничтүү адамдарынын бири, экс-вице-президент Таха Ясин Рамадан тутулаар замат Мосул калаасындагы америкалык аскерлерге өткөрүлүп берилди. Вашингтон камакка алууну көздөгөн Саддамдын жан-жөкөрлөрүнүн 55 адамдан турган тизмесинде Рамадан 20-сапты ээлечү. Ал – Саддам Хусейндин тушунда ырайымсыз жетекчи катары аты чыгып, ирактык күрттөр менен шийи-мусулмандарга каршы иш-чараларды жетектегени маалым.

Ал эми алдыдагы эки апта ичинде Ирактын Багдаддын түштүк ыптасынан Басра калаасына чейинки ири аймакты камтыган борбордук бөлүгүндө 9000дей аскерден куралган стабилдүүлүк күчтөрү жайгаштырылмакчы. Бул жердеги бейпилдик менен коопсуздукту чыңдоо иштерине Польшадан 2400, Украинадан 1640, Испаниядан 1300дөй аскерден турган үч ири контингенттен башка Албания, Азербайжан, Болгария, Чехия, Эстония, Грузия, Казакстан, Латвия, Литва, Македония, Мажарстан, Румыния жана Словакиядан бир нече жүздөн бир канча адамга чейинки бөлүктөр катыштырылат. Кербала, Нажаф шаарларындай ирактык шийилердин ыйык жайлары орун алган жана басымдуу бөлүгүндө шийилер отурукташкан бул аймактагы абалды көзөмөлдөө милдетин Польша башкарган көп улуттуу күчтөр расмий түрдө 1-сентябрда өткөрүп алышат.


"Эркин Ирак" радиосунун кабарчысы Боркан Шекарчи жакында Кербала шаарында болуп, көп улуттуу күчтөр жайгаштырылаар алдындагы жергиликтүү элдин маанайын байкап, катардагы адамдардын көз караш, пикирлерин сурап билген. Ал Саддамга каршы согуш аяктагандан бери дал ушул шийилер байырлаган чөлкөмдө кырдаал башка жерлерге караганда кыйла тынч болгонун, коалициялык күчтөргө каршы буктурмадан кол салуулар, элдин нааразылык акциялары уюшулбаганын айтат. Боркан Шекарчи кербалалыктар көп жылдардан бери Саддам Хусейндин ирактык шийилерге каршы саясатынан кордук көргөндүктөн, анын бийлиги кулатылганын чоң кубаныч менен тозуп алышкан эле, эми алар АКШ менен Британиянын куралдуу баскынчылыгы тезирээк аякташын тилек кылышууда деп кошумчалайт.

- Кербала шаары чынында эле Саддамдын режими кулаганына жетине албай, америкалык аскерлер жаңыдан келгенде, аларды кош колдоп тозуп алышкан. Ошол саамда кербалалыктар АКШ аскерлери бардыгы турукташканча кетпей турганы ырас, бирок Ирактын жаңы өкмөтү түзүлөөр замат чыгып кетиши керек деп ойлошкон, - дейт "Эркин Ирак" радиосунун кабарчысы.


Аны менен маектешкен кербалалыктар эми коопсуздукту камсыздоо миссиясын Америка менен Британиянын аскерлеринен көп улуттуу күчтөр өткөрүп алганы оң, болбосо аталган эки өлкө Иракты басып алгандай таасир калтырат деп белгилешкен.

- Жергиликтүү эл коопсуздук күчтөрүнө ар башка мамлекеттердин аскерлери киргени жакшы, болбосо АКШ менен Британия бизди басып алгандай болууда деген ойлорун айтышты. Алар үчүн ар түрдүү өлкөлөрдүн армияларынан куралган күчтөр көбүрөөк ишенич туудурат көрүнөт, - дейт кабарчыбыз Шекарчи. Ал Кербаланын тегерегиндеги аймактарда согуштан бери абал башкаларга салыштырмалуу тынч болгонун – жергиликтүү адамдардын динчилдиги, ошондой эле шийилердин лидерлери элди тынчтыкка үндөп, коомдук мүлктү уурдап-тоноого тыюу салганы менен байланыштырат.


Келээрки аптада Кербалага Болгариянын 500дөй, Литванын 45 аскеринен турган тобу жеткирилет. "Ар башка мамлекеттерден келген аскерлер шийилердин ыйык жайларына жакындабай, алардан оолак болгону оң, антпесе динге берилген жергиликтүү тургундардын нааразычылыгы күчөп, күтүүсүз кырдаал келип чыгышы мүмкүн", - деп эскертет "Эркин Ирак" радиосунун кызматкери Шекарчи.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG