Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:34

Ч.АЙТМАТОВДУН КЕЧЕСИ, ЛЕНИНДИН ЭСТЕЛИГИ, КОШОМАТЧЫЛЫКТЫН БААСЫ 57 МИЛЛИОН СОМ


Бишкектин «Алатоо» аянтындагы Лениндин эстелигин башка жерге которуу кыргыз басылмаларында кызуу талкуу жаратты. Быйыл кышта 75 жашка чыкканын белгилегени жаткан жазуучу Чыңгыз Айтматов Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган салтанаттардын алкагын адабий кечесин өткөрдү. Алыс-жакындан келген коноктор той ээсине куттук айтып, мамлекеттүүлүк майрамын даңазалашты.

Чыңгыз Айтматовдун адабий кечеси кыргыз басылмаларынын дээрлик баарында жазылды. Шейшембидеги «Эркинтоо» гезити ал тууралуу «Атыбыздан Чыңгыз ага сүйлөсүн» деген узун мактоо ырын жарыялады. Чыңгыз Айтматовдун адабий кечесинде казак акыны Мухтар Шаханов ушу тапта Казакстанда монархияны көксөгөн күчтөр баш көтөрө баштаганына токтолуп, алардын анабашында «20 млн. элди кырган, 900 калааны талкалаган Чыңгызхандын саясатын туу туткан чыңгызкан тукумдары» турганын, алар «Казакстанда көп» экенин айтып, «62 гезит аркылуу» ушу тапта Чыңгыз Айтматов экөөнү аёосуз сынга алышканын айтып өткөнүнө «Агым» гезитинин шейшембидеги санында Жолдошбек Зарлыкбеков токтолду. – «Кыскасы, Чыке чакырган кеченин – той алдындагы сөздөрдүн «кызыгы» эми гана башталды», - дейт макала автору. Айтматов адабий кечесинин дагы бир катышуучусу бейөкмөт уюм атынан Улут кеңешин түзүп, анын башчылыгына Чыңгыз Айтматовду шайлоо демилгесин көтөргөнүн «Слово Кыргызстана» гезитинде А.Шепеленко жазып чыкты.

Ленин эстелиги «Алатоо» аянтынан башка жакка көчүрүлгөнүнө нааразы болгон депутат Турдакун Усубалиев элге кайрылуу жасап, өкмөттүн отставкага кетишин талап кылды. «Элдин пикири менен эсептешпеген, Конституцияны, мыйзамдарды сыйлабаган өкмөттүн жашоого акысы жок. Ал токтоосуз отставкага кетиши керек. Уятсыз өкмөт элге жек көрүндү»,- деп жазат ал «МСН» гезитинде жарыяланган кайрылуусунда. 2000-жылдын 13-июнунда президент А.Акаев «Бишкек шаарындагы Алатоо аянтындагы В.И.Лениндин эстелиги тууралуу» мыйзамына кол койгон. Мыйзамда эстелик тарыхый-архитектуралык таберик катары бааланып, мамлекет коргоосунда болору ырасталган. 1916-жылкы үркүндө Кытайга качкан кыргыздарды жерине кайтарып, качкындардын тирилигине деп Совет өкмөтү 435 млн. рубль акча бөлгөн, деп маалымдайт Т.Усубалиев ушул эле гезитте жарыяланган макаласында. Анын айтымында, 1922-жылы айрым ишмерлер Тоолуу Кыргыз облусун түзүү идеясын көтөрүп чыгышкан. Бирок ага республиканын түштүк аймактары кирбей калган. Лениндин кеменгерлиги менен гана кыргыз мамлекети антип экиге бөлүнбөй, азыркы улуттук чегинде 1924-жылы Түркстандан бөлүнүп чыккан.

Кыргызстан коммунисттеринин лидери Абсамат Масалиев ушул эле гезитте өкмөт башчы Н.Танаевдин «бул анчалык деле маанилүү мыйзам эмес» деген жообун келтирет. «Мыйзамдарды маанилүү же маанилүү эмес деп бөлгөн өкмөт – сабатсыз өкмөт. Андай өкмөттүн иштөөгө акысы жок», дейт Абсамат Масалиев. Ленин эстелигин башка жерге которуу токтомуна кол койгондон кийин өкмөт башчы журналисттерди чакырып жагдайды түшүндүрсө мынчалык чоң чуу чыкмак эмес, деп белгилейт Вячеслав Тимирбаев «Талашты ким чыгарды?» макаласында.

Айрым булактар августтун аягында парламенттин Эл өкүлдөр жыйыны чакырылып, анда Лениндин эстелигин жылдыруу мыйзамдаштырылаары айтылууда. Бийлик «кеч болсо да катаны оңдоого жулунуп жатат шекилдүү», - деп жазат шейшембидеги «Аалам» гезити. «Айрым кыргыздардын өз эне тилинде сүйлөшпөй жалаң орусча сүйлөшкөндөрү мени өтө таңдандырат,- деп жазат Альфина Хашулина.- Өз тилин билбеген адамдарды мен өз элинин тарыхын баалабагандык деп эсептейм, мындай адамдарды сыйлабайм дагы».

Жергиликтүү бийлик жетекчилери жогортодо отургандардын кантип көңүлүн табышаарына, жагымпоздуктун баасы канча болооруна шейшемби күнкү «Лица»гезитинде Жалил Сапаров токтолгон. Түштүк чиновниктери Бишкекте отурган жетекчилеринин көңүлүн алуу үчүн жылына орто эсеп менен 57 миллион сомдук белек-бечкек, «чайпул» беришет. АКШ долларына которгондо бул акча 1 миллион 300 миң долларды түзөт. «Анткен менен түштүктүн бардык чиновниктери биригип Шалхар Жайсаңбаевге жетпейт, - дейт автор. – Айырмасы - Жайсаңбаев бирөө гана. Чиновниктер көп.»

Кыргыздардын дүйнөлүк экинчи курултайы 28-30-августта Чолпонатада өтөөрүн, ага 300 киши катышаарын, анын жарымын четтен келген улутташтарыбыз түзөөрүн «Вечерний Бишкек», «Кыргыз туусу» гезиттери шейшембиде эске салышты.
XS
SM
MD
LG