Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

АКШ ХАМИД КАРЗАЙДЫН ӨКМӨТҮНӨ 1 МИЛЛИАРД ДОЛЛАР ЖАРДАМ БЕРЕТ


Ооганстанда кырдаал - татаал. Акыркы күндөрү жүздөгөн талибдер Пактия вилайетиндеги эки чоң кыштакка кол салышып, полициякананы өрттөп кетишти. Кагылышууда ондон ашык полициячы жана аскер окко учуп, 20га жакын талиб жок кылынган. 19-августта түштүктөгү Кандагар жана башка аймактарда аскерлер чукул кырдаал абалына өткөрүлдү. Бул тушта АКШ өкмөтү Ооганстанга көмөктөшүү боюнча жаңы пландын үстүндө иштөөдө.

Ооганстанда 11,5 миң колдуу көп улуттуу күчтөр болгону менен, соңку аптада Хамид Карзай жетектеген убактылуу өкмөткө каршы күчтөр өтө жандана баштады. Жекшемби күнү Пактия вилайетиндеги эки райондун полицайканаларына кол салынды. Бул жана башка кагылышууларда акыркы бир жумада 70 жакын адам набыт болду.

Карзайдын өкүлү Жавыд Луддиндин билдиришинче, жекшемби күнкү чабуулга талибдер менен чогуу урду жана араб тилинде сүйлөгөн чет элдиктер да катышкан.
Эрегишчилер кийин Пакистанга өтө качышкан.

19-август - Ооганстандын Британиянын оторчулугунан бошонгонунун 84 жылдыгы. Бул күнү түштүктөгү Кандагар жана башка вилайеттерде өкмөттүк күчтөр чукул кырдаал абалына өткөрүлдү.

Жагдайды турукташтыруу жана Карзайдын келээрки жылда болчу президенттик шайлоо алдындагы кадыр-баркын көтөрүү максатында АКШ Ооганстанга олуттуу жардам көрсөтмөк болууда. Вашингтондун планы азырынча жарыялана элек.
Бирок, АКШнын маалымат каражаттары, өкмөттүк булактарга таянып, жаңы планга ылайык, Ооганстанга бир жылга 1 миллиард доллар бөлүнөт деп билдирет.
Жардамдын туура бөлүнүп-сарпталышын көзөмөлдөө үчүн, “Чикаго Трибьюн”
гезитинин жазышынча, Кабулга АКШлык 100 эксперт да жөнөтүлөт.

Вашингтондук эксперт Чарлз Фейрбанкс жаңы план тууралуу мындай дейт:

- Чын-чынында, АКШнын Ооган өкмөтүнө берчү экономикалык жардамы жараатты таңып, жардам көрсөткөгө окшош жана проблеманы чечүүгө чындап багытталган.

Былтыр АКШ президенти Жорж Буш Ооганстанды калыбына келтирүү программасы иштелип чыгат деп убада кылып, бирок сөзүнүн өтөсүнө чыккан эмес болчу.

Эл аралык донорлор да Карзайдын өкмөтүнө 4,5 миллиард доллар убада кылган. Лекин, ал акчанын көбү али Кабулга жете элек же экономиканы реконструкциялоо үчүн эмес гуманитардык жардамга жумшалган.

Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) өткөн жума жарыялаган билдирүүдө “донорлордун сөзүндө турбаганы каражатсыз борбордук өкмөттүн Ооганстанда тынчтыкты жана мыйзамдуулукту орнотуу аракетин артка тарттууда” деп белгиленет.

Маалыматтарга караганда, Вашингтондун жаңы планы боюнча, АКШнын Ооганстандагы чабарманы Залмай Хализад, Ирактагы америкалык жарандык администрациянын башчысы Пол Бремер сыңары, өлкөнү реконструкциялоону, тагыраак айтканда, жардамга келген акчалардын сарпталуусун көзөмөлдөп турат.

Буга Ооган жетекчилиги oң ой менен макул болбойт көрүнөт. Ооганстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Омар Самад “Чикаго Трибьюн” гезитине берген интервьюда: “Ооганстан Ирак эмес. Биздин өкмөтүбүз жана бюрократтык аппаратыбыз бар”, - деп, Вашингтон Ооганстанга жардам иретинде берген акчаны Ак Үйдүн ишенимдүү адамы контролдоосуна каршы экенин айткан.

XS
SM
MD
LG