Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Британия Ливияга каршы киргизилген санкцияны алып салууну сунуштады


Британия өкмөтү Ливияга каршы киргизилген санкцияны алып салууну Бириккен Улуттар Уюмуна сунуштады. Британиянын элчиси Жонс Перри тийиштүү чечимдин долбоору БУУнун баш катчысына жиберилгенин маалымдады: - "Мен Коопсуздук кеңештин башчысына кат жолдодум, анда Британия менен Америка өкмөтүнүн позициясы түшүндүрүлүп, Ливия Коопсуздук кеңештин талабын аткарганы айтылган". БУУнун Коопсуздук кеңеши Британиянын сунушун эртеңден карай баштамакчы. Ливияга санкция 1988-жылы Шотландиянын Локерби шаарынын үстүндө америкалык учакты жардыруудан кийин киргизилген. Андан 270 адам каза болгон эле. Ливия каза болгондордун жакындарына компенсация төлөп берүүгө макулдугун билдиргенден кийин, ага каршы киргизилген сакцияны алып салуу маселеси көтөрүлдү. Бирок Франция, эгерде Ливия 1989-жылы Нигериядагы француз учагын жардыруудан каза болгондорго компенсациянын көлөмүн көбөйтпөсө, санкцияны алууга каршы чыгаарын билдирүүдө. Нигериядагы жардыруудан 170 киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG