Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:02

Түндүк Корея Дүйнөлүк студенттер оюнуна катышат


Түндүк Корея Түштүк Кореяда боло турган Дүйнөлүк студенттер оюнуна өз спортчуларын жиберээрин билдирди. Өткөн жума күнү Сеулда Түндүк Кореянын өзөктүк куралга ээ болуу максатына каршы беш миң адам катышкан демонстрация болуп, анда Түндүк Кореянын желеги жана президенти Ким Чен Ирдин сүрөттөрү тытылып салынган эле. Мына ошондон кийин Пхеньян Дүйнөлүк студенттер оюнуна өз делегациясын жибербесин, ал эми расмий Сеулдун кечирим суроосун талап кылган. Түштүк Корея президенти демонстрациядагы окуяга байланыштуу өкүнүчүн билдирип, аны Түндүк Корея жетекчилигине жеткирүүнү сунуштаган. Мына ошондон кийин Пхеньян Түштүк Кореяда бейшемби күнү баштала турган оюндарга катышаарын бүгүн маалымдады.

XS
SM
MD
LG