Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

Британ өкмөтүнүн өкүлдөрү көз карандысыз комиссияга көрсөтмө берүүдө


Британияда өлкөнүн коргоо министрлигинин мурдагы кеңешчиси маркум Дэвид Келлинин өлүмүнө байланыштуу иликтөө иши уланууда. Бүгүн көз карандысыз комиссияга көрсөтмө бере баштаган Британия премьер-министринин басма сөз катчысы Алистер Кэмпбел, өкмөт башчы Тони Блэр кезинде Иракка байланыштуу көбүрөөк маалымат чыгарып, Багдаддан келип жаткан коркунуч жөнүндө элдин кабардар болуусун чечкен эле деп билдирди. Ага чейин комиссиянын суроолоруна жооп берген өкмөттүн дагы бир өкүлү Жонатан Пауэлл, Ирак боюнча докладды кайра жазып чыгуу тууралуу Алистер Кэмпбелден электрондук почта аркылуу кат алганын билдирген. Ал доклад Иракка согуш ачууга жол ачкан. Ал эми Би-Би-Си докладда Ирактын куралына байланыштуу маалымат апыртылган деген кабарды Дэвид Келлиден алып тараткан. Анын айынан өлкөдө чоң жаңжал башталып, натыйжада Келли өз жанын кыйууга барган.

XS
SM
MD
LG