Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:05
Бүгүн Израилдин өкмөт башчысы өлкөнүн атайын кызматтарынын өкүлдөрү менен жөөт аскерлерин Палестинанын Иерихон жана Калкилия шаарларынан чыгаруу маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Ушул эле күнү Израил жана Палестин өкүлдөрү жолугушуп, бул маселени талкуулоого тийиш. Жекшемби күнкү сүйлөшүүдө эки тарап бир пикирге келе алышкан эмес. Палестин тарап Израилдин эки шаарда аскердик бекет калтыруусуна каршы чыгууда. Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом жөөт тарап үчүн террордук чабуулга жол берилбешине кепилдик керектигин билдирүүдө. Израил жана Палестина өткөн жумадагы сүйлөшүүлөрдө Иерихон, Калкилия, Түлкарем жана Рамалла шаарларынан жөөт аскерлерин чыгаруу боюнча макулдашууга жетишилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG