Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:02

Багдаддагы Бириккен Улуттар Уюмунун баш кеңсеси жардырылды


Багдаддагы Бириккен Улуттар Уюмунун баш кеңсесинде бүгүн ири жардыруу болду. Маалыматка караганда, андан БУУнун бир нече кызматкери, анын ичинде БУУнун баш катчысынын Ирактагы өкүлү Сержио Виера ди Мелло да набыт болуп, ондогон кишилер олуттуу жаракат алды. АКШ аскеринин маалыматы боюнча, автоунаага коюлган бомба кеңсеге жакын келип жардырылган. Урап калган кеңседен жаракат алгандарды куткаруу иштери жүрүүдө.

Иракта өлкөнүн мурунку вице-президенти Таха Ясин Рамадан колго түшүрүлгөнү бүгүн кабарланды. Маалыматка караганда, ал өткөн түнү Мосул шаарында күрт жоокерлери тарабынан кармалган. Ирактын өкмөттүк кеңешинин мүчөсү, ички иштер министринин орун басары Ахмед Ибрахим Ирактагы саботажга тиешеси бар адамдар 25 жылга чейин эркинен ажыратылаарын билдирди. Анын айтымында, бул иштерди кимдер жасап жаткандыгын диверсия болгон жерлерде жашаган адамдар билет. Ал эми өлкөдө өткөн күндөрү жардырылган мунай, суу куурларын калыбына келтирүү иштери уланууда. Маалыматка караганда, Түркияга чыгуучу мунай куурларын калыбына келтирүү үчүн дагы 10 күн керек.

XS
SM
MD
LG