Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:32

АДАМ УКУКТАРЫ ЭЛАРАЛЫК ЛИГАСЫ АСКАР АКАЕВГЕ КАЙРЫЛДЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Адам укуктары эларалык лигасы 18-августта Аскар Акаевге кат жолдоду. Анда абакта жаткан Феликс Куловдун тагдырына тынчсыздануу айтылат. Буга чейин эларалык уюмдар Куловдун иши боюнча кыргыз бийликтерине бир нече курдай кайрылышты. Бирок, мындай камтамачылыктар “Арнамыс” партиясынын лидеринин сот ишине таасир бере алган жок.

Куловдун жактоочуларынын Жогорку сотко болгон акыркы үмүтү акталган жок. Райондук соттун өкүмү ошол бойдон калган соң «Арнамыс» партиясы эми эл аралык соттордон жардам сурарын билдирди. Адам укуктары боюнча эл аралык лига Жогорку сот Куловдун ишин мурдагы калыбында калтырганына тынчсызданып президент Акаевге кат жолдоду. 18-августта келген бул катта Феликс Куловго карата мамилени өзгөртүү сунушу айтылган.

Адам укуктары лигасы Феликс Кулов 2000-жылы президенттикке ат салышарын билдиргенден кийин ага каршы кылмыш иши жок жерден токулган деп эсептейт. Кыргызстан адам укуктары боюнча бир катар эларалык келишимдерге кошулгандан кийин оппозициялык маанайдагы саясатчыларды куугунтуктоону токтотушу керек деп жазылат катта. Аталган лига Аскар Акаевден Куловдун күнөөсү бар же жок экени сотто эларалык нормаларга ылайыкталып кайра каралышын талап кылды. Феликс Кулов алгач 2000-жылы март айында камалган. Ошондон бери бул сот ишинде саясий боёк бар экенин эларалык уюмдар айтып эле келатышат. Адам укуктары боюнча абройлуу дүйнөлүк уюмдардын көбү Аскар Акаевдин өзүнө да бир нече ирет жазышты.

Тилекке каршы, мындай кайрылууларга кыргыз бийлиги кулак төшөгөн жок. Куловдун иши боюнча ырасмий бийликтин туруму белгилүү. Ал турумду Президенттин коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков дайым айтып келет. Анын пикиринде Феликс Куловдун ишинде эч кандай саясат жок, ал коррупциялык былыктары үчүн жазасын тартып атат. Буга дейре Жанузаков мырза бул өңүттөгү ишти эларалык уюмдар эмес, сот чечет деген кыязда бир нече жолу сүйлөгөн.

Бирок, адам укуктары боюнча жергиликтүү уюмдардын Феликс Кулов жакын арада акталып чыгарына үмүтү зор. «Демократия жана жарандык коом» бейөкмөт уюмунун лидери Эдил Байсалов:

- Акыры биздин бийлик качандыр бир эларалык уюмдардын пикирин угушу керек. Балким бала кыялдык менен айтып атам. Ушул күздө Кулов чыгат го деген үмүтүм бар. Себеби, кыргыз бийлиги эларалык уюмдар астында уят болбой, Куловду бошотуу менен демократиялык кулк-мүнөздү жогото элегин далилдеши керек.

Адам укуктары боюнча лига, «Фридом хаус», «Хюман Райтс Уотч» өңдүү уюмдар Куловду бошотуу тууралуу бир канча ирет сөз козгошту. Бирок, азырынча андай каттар Куловдун сот ишине таасир бере элек. «Ар намыс» партиясы да бул өңдүү океандын ары жагынан келген каттардан майнап болоруна ишенбей калды. Партиянын лидери Эмил Алиев кыргыз бийлиги эларалык коомчулуктун пикирин укпайт деген пикирде:

- Бийлик жок жерден күнөө тагып, ушунча калп айтып алды. Эми андай эмес болчу деп моюнга алышы кыйын болуп атат. Бирок, баарыдан да бул нерсе мамлекеттин дүйнө коомчулугу астында сөөлөтүн бузуп, инвесторлорду качырууда. Бул жерде оболу мамлекет уттуруп атат. Бийлик бүгүн деле Куловду жок жерден камаганын мойнуна алса кеч болбойт эле.

Азырынча «Арнамыс» партиясы эларалык сотко кайрылууга кам көрүп аткан кези. Бирок, Кыргызстанды эларалык сотко бериш үчүн тиешелүү деңгээлдеги келишимдерге кол коё электиги тоскоол болушу ыктымал деген кооптонуу да жок эмес. Ал эми Фуликс Кулов өзү «Азаттыкка» Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин гана акталарына ишенээрин айткан.

XS
SM
MD
LG