Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:57

ГКЧП ОКУЯСЫНАН БЕРИ 12 ЖЫЛ ӨТТҮ


Кубат Оторбаев, Бишкек шаары 1991-жылдын 19-21-августтунда Москвада болгон мамлекеттик төңкөрүшкө аракеттен бери 12 жыл өттү. Талдоочулардын айтымында, ГКЧП окуясы Совет биримдигинин ыдырашына жана 15 республиканын эртелеп эгемендик алышына өз таасирин тийгизген.

1991-жылдын 19-августтунда СССРдин вице-президенти Геннадий Янаев башында турган Өзгөчө кырдаал боюнча мамлекеттик комитет («ГКЧП» деген сөз ошол комитеттин баш тамгаларынан) «СССРдин президенти Михаил Горбачевдун ден соолугу начар абалда» деп, аны кызматынан четтетип, бийликти колуна алганы белгилүү болду. 1991-жылдын август окуясы маалында армия менен элдин кагылышынан үч адам каза болуп, төрт адам жаракат алган. Бирок, төңкөрүш жасаганга аракет кылгандар тез эле жеңилүүгө дуушар болушуп, камалышкан. 1992-жылы ГКЧПнын уюштуруучулары мунапыс алышкан. Мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет тарых барагына «август путччу» же «ГКЧП» деген ат менен кирген.

Кыргызстан коммунисттер партиясынын төрагасы Апсамат Масалиев Геннадий Янаев башында турган ГКЧПнын мүчөлөрүнүн жеңилип калышына Михаил Горбачев чоң роль ойногон деп эсептейт:

- ГКЧПнын планын Горбачевдун өзү башында колдоп турган. Фороско, эс алууга кетип баратып, ГКЧП мүчөлөрүнө «өзгөчө кырдаал жарыялайбыз го» деген. Кийин аларды сатып кетти. Болбосо ГКЧПнын максаты совет бийлигин сактап калуу болгон. Бирок союздук республикалар бул багытты колдобой коюшту. Горбачевдун өзү болсо саткынчы болуп чыкты. Ельцин аны билген жана ал ошондон пайдаланды.

1991-жылдын август күндөрү СССРдин курамындагы Кыргызстан үчүн, анын ичинде бийликтегилер үчүн чоң сыноо болгону белгилүү. «Путчисттерди» колдоо керекпи же жокпу деген арасат абал 15 союздук республиканын бийлик өкүлдөрүнүн дараметин сынап, анык жүзүн ачып койгон.

КДКнын негиздөөчүсү Жыпар Жекшеевдин айтымында, ГКЧПны биринчилерден болуп ошол кезде бийликке да, элге да алымдуу болуп турган КДК (Кыргызстан демократиялык кыймылы) ашкерелеген. 19-август күнү КДКнын башкармалыгынын мүчөлөрү чогулуп, өзгөчө штаб түзүү тууралуу чечим кабыл алышат:

- КДКнын теңтөрагасынын бир катары штабды жетектөө милдети мага жүктөлдү. Биз тез аранын ичинде РСФСРдин президенти Борис Ельциндин жардамчыларына байланышка чыктык. «Ельцин ГКЧПга чечкиндүү каршы турат» деген маалыматты алдык. Ошол бизге дем берди. Андан кийин КДК өзүнүн ГКЧПны ашкерелеген кайрылуусун кабыл алды. Ыраматылык Сатыбалды Жээнбеков телерадио комитетти башкарып турган. Анын эрдиги, кайраткерлиги менен биздин кайрылуубуз бүт СССРдин аймагына тарап кетти. Бул ошол убактагы СССР аймагындагы жалгыз чечкиндүү билдирүү болчу.

20 миңден ашуун жаштар «эгемендигибизди, президент Акаевди коргоп калабыз», деген ниетин билдирген. «Албетте бизде курал жок эле, эгер Совет бийлигинин армиясы келсе ага туруштук бералмак эмеспиз», - дейт Жыпар Жекшеев.

ГКЧПны биринчилерден болуп Жогорку Кеңештин төрагасы Медеткан Шеримкулов, көп өтпөй президент Аскар Акаев да ашкерелеген. Жекшеевдин айтымында, президент Аскар Акаевдин эки билдирүүсүнүн ортосунда айырма болгон:

- Президент Аскар Акаевдин биринчи билдирүүсү ишенимсиз, эт менен челдин ортосундагыдай болуп чыгып калды. Биздин кайрылуудан кийин президент кайратына келип, өзүнүн экинчи билдирүүсүн жасап, ал жолу «артымда эл бар турбайбы» дегенсип, ГКЧПны чечкиндүү ашкереледи.

Ошол учурда өлкөнүн коопсуздугуна жана бийликтин сакталышына байланыштуу көп маселелер Ички иштер министри болуп иштеп турган Феликс Кулов менен Мамлекеттик коопсуздук комитетинин башчысы Жумабек Асанкуловго байланыштуу болуп турган. Алардын ГКЧП окуясындагы жүрүм-туруму тууралуу Жыпар Жекшеев мындай дейт:

- Генерал Асанкулов да, Кулов да КДКнын штабына келишип, биз менен пикир алмашып турушту. Ошондо Кулов өзүнүн чечкиндүүлүгүн көрсөтүп, тез аранын ичинде КГБнын Өкмөт үйүн кайтарган күзөтчүлөрүн алдырып, аларды милийса менен алмаштырды. Ал эми Асанкулов болсо биздин «Сиз кимди колдойсуз?» деген сурообузга «Албетте, мага Москва маяна берип жатат, бирок, мен мамлекетти сатпайм» деген жообун айтты.

Талдоочулардын айтымында, Совет биримдигинин Коммунисттер партиясы ГКЧПны колдоп, анын натыйжасында өзүнүн келечегине балта чапканы – 15 республиканын өз алдынча түндүк көтөрүп, эгемендикке жетишүүсүнө түрткү берген.
XS
SM
MD
LG