Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Т.Усубалиев кыргыз өкмөтүнүн кызматтан кетишин талап кылды


БИШКЕК. Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Турдакун Усубалиев «Алатоо» аянтындагы В.И.Лениндин эстелигин кайрадан ордуна койдуруу чакырыгы менен шейшембиде элге, бийлик башчыларына кайрылды. Усубалиевдин пикиринде, В. И. Лениндин айкелин мансапкор, кошоматчылар «өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата» шылтоосу менен бузуп, башка жакка которушту. Эстелик тез аранын ичинде кайрадан ордуна коюлушу керек. Конституция жана Лениндин эстелиги жөнүндө мыйзамды бузган өкмөт жакынкы күндөрү бийликтен кетиши зарыл. Кыргыз өкмөтүнүн 11-августтагы токтому менен В. И. Лениндин эстелигин «Алатоо» аянтынан башка жакка которуу үчүн бузулган. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, эстелик эми Тарых музейинин артына коюлуп, анын ачылышы октябрдын ортосуна белгиленген.

XS
SM
MD
LG