Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:14

Адам укуктары боюнча эларалык лига А. Акаевге кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. Кыргызстандын Жогорку соту «Ар намыс» партия жетекчиси Феликс Куловду 10 жылга түрмөгө кескен райондук сот өкүмүн 15-августта күчүндө калтырганына Адам укуктары боюнча эларалык лига жана бир катар эларалык уюмдар кабатырлануусун билдиришти. Мындай мазмундагы билдирүүнү дүйшөмбүдө Адам укуктары боюнча эларалык лига аттуу эларалык бейөкмөт уюму президент А. Акаевге жолдоду. Билдирүү ээлери Ф.Куловдун саясий себептерден улам камакка алынгандыгын белгилешип, президенттен Куловдун сот ишин эларалык мыйзамдын чегинде кайрадан кароого көмөк көрсөтүүнү өтүнүшкөн. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2002-жылдын 8-майында Ф.Куловду он жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган.

XS
SM
MD
LG