Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

КАЗАКСТАН, ӨЗБЕКСТАН ЫСЫККӨЛДӨГҮ ЭС АЛУУ ЖАЙЛАРЫН ӨТКӨРҮП БЕРГИЛЕРИ КЕЛБЕЙТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Көз карандысыз мамлекеттер президенттери кол койгон советтик менчикти бөлүштүрүү тууралуу 1992–жылкы келишимге ылайык Кыргызстандын менчигине өтүүгө тийиш болгон Казакстандын менен Өзбекстандын Ысыккөлдөгү эс алуучу жайларын Кыргызстандын карамагына өткөрүп алууга багытталган кыргыз бийликтеринин аракеттери натыйжа бербей жатат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинен алынган маалыматка караганда, өзбек бийлиги бул тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүдөн жаа бою качып жатат. Ал эми Казакстандын өкмөтү болсо сүйлөшүү жүргүзүү үчүн өз делегациясын Бишкекке жөнөткөнү менен, маселе чечилген эмес.

- Акыркы чечим кабыл алына элек. Азыр бул пансионаттар Кыргызстандын менчигине өткөрүлүп алынат же Казакстанга аларды сатып алууга макулдук берилет. Алар бирөөлөргө бекер берилет деп айтууга азырынча мүмкүн эмес, – деди Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин маалымат катчысы Татьяна Наговицина. Анын айтымында, Казакстан делегациясы үстүбүздөгү жылдын апрелинде келип, Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрага орунбасары Александр Макаровдун жетекчилигинде түзүлгөн Кыргыз өкмөтүнүн комиссиясы менен сүйлөшүү жүргүзүп кеткен. Казакстандын делегациясынын кандайдыр бир чечим кабыл алууга укугу жок болуп, сүйлөшүү жөн эле пикир алышуу менен аяктаган. Пикир алышууда Казакстандын өкүлдөрү ал объектилер өз өлкөсүнүн менчиги экендигин далилдөөгө аракет кылышкан.

- Казакстан жана Өзбекстан ал объектилерди бергилери келишпей жатышат. Алар өздөрүнүн аргументтерин келтирип жатышат. Алар «келишим бардык объектилерге тиешелүү болчу, Акаевдин «бул объектилер кошулбасын деген эскертүү менен кол койгону туура эмес» деп жатышат. Алар «бул объектилерди өз каражатыбызга курганбыз, аларга кийин инвестиция да салдык» дешет, - деди Татьяна Наговицина.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинен алынган маалыматтарга караганда, 60-жылдары Казакстандын министрликтери жана мекемелери Ысыккөлдө 5 эс алуучу жай курушкан. Алар – Бозтеридеги «Казакстан» санаторийи, «Алматы» пансионат-санаторийи, «Самал» эс алуу үйү, «Университет» пансионаты жана Корумдудагы «Казакстандын автомобилисти» аттуу эс алуу үйү. Ал жерде ошондой эле Өзбекстандын да 5 эс алуучу жайы бар.

Советтер Бирдиги таркап жатканда КМШнын 8 өлкөсүнүн президенттери «Менчикти ич ара таануу жана жөнгө салуу тууралуу» келишимге 1992-жылдын 9-октябрында Бишкекте кол коюлган. Ага ылайык союздук органдардын карамагындагы мүлк тең бөлүнүп, ал эми республикалык министрликтердин жана мекемелердин мүлктөрү болсо, кимдин территориясында экенине карабай, алардын менчиги бойдон кала бериши керек болчу. Менчикти бөлүштүрүүнүн бул жалпы принцибине бир гана түзөтүү киргизилген. Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин талабы боюнча келишимде бул принцип эс алуучу жайларга карата колдонулбайт деп жазылган. Башкача айтканда, Казакстан, Өзбекстан жана башка республикалар Ысыккөлдө салып, пайдаланып жүргөн пансионаттарын, эс алуу үйлөрүн Кыргызстанга өткөрүп бериши керек болчу. Келишимде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин, Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун колдору бар экенин айтышат. Мамлекеттик мүлктөн алынган маалыматка караганда, Кыргыз өкмөтү бул объектилерди өткөрүп берүүсүн сурап Кзакстан менен Өзбекстанга бир нече жолу кайрылган. Кыргыз тарап аларды сөзсүз эле түздөн-түз өткөрүп алууну көздөбөйт. Ал башка варианттарды да караштырып көрүүгө макул. Мисалы, Казакстан жана Өзбекстан ал объектилерден ажырагысы келбей жатса, аларды сатып алууга мүмкүнчүлүк берилет.

XS
SM
MD
LG