Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

Бириккен Улуттар Уюмунун Багдаддагы кеңсесине шейшемби күнү жасалган бомба чабуулунан 17 киши курман болду. Алардын ичинде БУУнун Ирандагы өкүлү Сержио Виейра де Мелло да бар. БУУнун жетекчилиги чабуулду Ирак элинин эркиндигине жол бербөө аракети катары баалап, Иракта күнкорсуздукту жана коопсуздукту орнотуу боюнча жүргүзүп жаткан иштерди дагы күчөтүүгө чакырды.

20-август - Бириккен Улуттар Уюмунда уюмдун Ирактагы өкүлү Сержио Виейра де Меллону эскерип, аза күтүү күнү.

55 жаштагы де Мелло Багдадда шейшемби күнү болгон бомба жардыруусунда өлгөн 17 адамдын бири. Жардыруудан дагы 100дөн көп адам жарадар болгон.

Маалымат каражаттарынын жана БУУнун билдирүүлөрүнө караганда, бразилиялык дипломат Багдадда иштеген үч ай ичинде уюмдун Ирактагы саясый кадыр-баркын бийик көтөрө алган жана АКШнын атуулдук администрациясы, ошондой эле ирактык ырасмий адамдар менен үзүрлүү кызматташкан.

БУУнун башкатчысы Кофи Аннан кооптуу жагдайга карабай уюм Ирактагы миссиясын токтотпош керек деген ишенимде:

- Иракта биздин көптөгөн кызматкерлерибиз калууда жана биз өз ишибизди уланта беребиз. Бизди кара мүртөз жана ырайымсыз кол салуу артка кайтарбасы жана коркутпашы керек.

Коопсуздук Кеңеши шейшемби күнкү кезексиз жыйында чабуулду “кылмышкерлердин террордук чабуулу” деп жектеди.

Кеңештин учурдагы төрагасы Сириянын Улуттар Уюмундагы элчисинин орун басары Файсал Мекдад да ирактыкка жардам берүү токтотулбаш керек деген сунушун айтты:

- Биздин оюбузча, Улуттар Уюму бул чабуулга карбай Ирактагы программасын жана аракетин токтотпош керек. Тескерисинче, бул окуя - БУУ өзүнүн Ирактагы ролун бекемдөө үчүн бардык чараларды көрүүсү зарыл экенин күбөлөйт.

Улуттар Уюмунун өкүлү Фред Екхард бомба чабуулу БУУнун Ирактагы иштерине чоң жолтоо келтирет деп эскертти жана уюмдун кеңсеси эмне үчүн бутага алынганын түшүнбөсүн айтты:

- Биз ирактыктарга гуманитардык жардам көрсөтүп, алардын күнкорсуздугун жана эгемендигин кайтарып алуусуна көмөктөшүп жатканбыз. Буга ким каршы болушу мүмкүн?

АКШ президенти Жорж Буш жардырууну террорчулардын кезектеги кыянаттыгы деп баалады:

- Бул чабуулду уюштургандар өздөрүнүн бейкүнөө адамдарды жек көрөөрүн дагы бир ирет далилдешти...

Жардыруудан соң “БУУнун кеңсесинин коопсуздугун ким камсыздашы керек эле?” деген суроо туулууда. Улуттар Уюму кеңсе жайгашкан мейманкананын коопсуздугу үчүн АКШлык аскерлер жооптуу деп, атайын тергөө өткөрүүнү талап кылмакчы болууда. Пентагондун билдиришинче, Улуттар Уюму мейманканага күзөт койдурбай койгон.

Келечек чараларга токтолсок, айрым ырасмий адамдар АКШ Иракка кошумча аскер жөнөтүшү абзел дешсе, башка бирөөлөрү эл аралык күчтөр АКШ башындагы коалициялык күчтөргө жардамга келиши шарт деген сунуштарды айтышууда.

Ал эми “The Wall Street Journal” гезитинин жазышынча, АКШ президенти Буш буга дейре өлкөдөгү кырдаал үчүн жоопкерчиликти акырындап ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүүнү ойлоп жаткан. Эми, шейшемби күнкү чабуулдан кийин Буштун алдында: “Айла-амалы артып бараткан оппозицияга каршы күрөшүп жаткан аскерлердин санын көбөйтүү керекпи же Улуттар Уюмунун жардамына көбүрөөк таянуу зарылбы?” деген эки суроо турат деп жазат гезит.

Мексиканын БУУдагы элчиси Адолфо Зинсердин оюнча, соңку кырдаал Иракты кайра курууга эл аралык коомчулук көбүрөөк тартылуусу зарыл экенин тастыктады. Бирок, АКШ тарап Улуттар Уюмунун Ирактагы мандатын кеңейтүүгө макул келмейинче, көпчүлүк мамлекеттер Багдадга акчалай жана аскерий жардам берүүгө шашпайт дейт мексикалык дипломат.
XS
SM
MD
LG