Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

Алжирде барымтага алынган туристтер бошотулду.


Алжирде беш ай бою барымтада жаткан 14 европалык турист бүгүн Алманияга кайтып келди. Тогуз немис, төрт швейцариялык жана бир голландиялык жаран аскерий учак менен Алманиянын Көлн шаарына келип конду. Үстүбүздөгү жылдын феврал жана март айларында Алжирдин түштүк аймактарында 32 турист барымтага алынган жана алардын бир бөлүгү май айында бошотулган. Бирок андан кийин барымтачылар калган туткундарды кошуна Мали мамлекетине алып кеткен жана азыркы туристтер дүйшөмбү күнү Малиде бошотулду. Туткундарды бошотуу үчүн кун төлөндүбү деген суроого Алманиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер жооп берүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG