Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:11

ЕККУнун милицияны реформалоого көмөкчү программасы кош көзөмөлгө алынат


БИШКЕК. Кыргызстандын ички иштер органдарын реформалоого колдоо көрсөтүү боюнча Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) программасынын ишке ашышы эки тараптуу көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу бүгүн программанын Бишкектеги менеджери Жоселин Локур «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, программаны ишке ашырууга берилген жардамдарды ички иштер министрлиги жана программанын аткаруу комитети көзөмөлдөйт. Программанын иш жыйынтыгы ар бир алты айда чыгарылат. Аткаруу комитетин ЕККУнун Бишкек борборунун жетекчиси Айдын Идил башкарат, жана ага, ЕККУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү менен катар, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардан эки өкүл мүчө болушат. Аткомдун ишине эларалык сүрөөнчү уюмдардын жана башка каалоочу тараптардын өкүлдөрү үзгүлтүксүз чакырылып турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG