Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:54

КЫҢЫР ИШ КЫРК ЖЫЛДА БИЛИНЕТ...


Байян Жумакадыр кызы, Прага шаары Британ премьер-министри Тони Блэрдин жардамчысы Алистэр Кэмпбелл Британ өкмөтүнүн куралдар боюнча эксперти Дэвид Келлинин өлүмүнө байланыштуу суракка алынууда. Өткөн айда Би-Би-Си Британ өкмөтү Ирактын кыруучу куралдары боюнча өлкөнүн коомчулугуна бурмаланган маалымат тараткандыгын божомолдогон эле. Кийинчерээк, Келли өз жанын кыйган соң, Би-Би-Си ал маалыматын Келлиге таянып бергендигин билдирген. Дэвид Келлинин сөзүнө шилтеме кылган Би-Би-Си, ошондой эле, эксперттер даярдаган баяндаманын бурмаланышынын жоопкерчилиги премьер-министр Тони Блэрдин жардамчысы Алистэр Кэмпбеллде экенин кошумчалаган.

Өткөн айда Би-Би-Синин журналисти:"Ирак химиялык жана биологиялык куралдарды чыгарууда жана ал коркунучтуу куралын, ары дегенде, 45 мүнөттүн ичинде кайсы болбосун өлкөгө каршы пайдаланууга кудурети жетет", - деген өкмөттүн февралдагы маалыматы чындыкка төп келе бербегенин билдирген. Кийинчерээк, Дэвид Келли өлгөндөн кийин Би-Би-Си эксперттердин баяндамасына өзгөртүүлөрдүн киргизилишине Блэрдин жардамчысы Алистэр Кэмпбелл жоопкер болгон деп кошумчалаган. Би-Би-Си бул маалыматты маркум Келлиге таянып таратканын билдирген.

Келлинин өлүмү өкмөттүн Иракка каршы согуш ачканына ансыз да нааразы болуп турган Британ коомчулугунда дүрбөлөң түшүрдү. Катардагы британдыктар азыр чалгындоо кызматы даярдаган маалыматты ар түрдүү айла-амал менен бурмалатып, коомчулуктун башын айландырган саясатчынын жоопко тартылышын талап кылышууда.

Келлинин өлүмүнө байланыштуу иш козгоп, өткөн жумада иликтөө баштаган прокуратура “эксперттер даярдаган маалымат чын эле бурмаланганбы? Андай болсо, бурмалоого кимдердин тийешеси бар?” - деген соболдорго жооп издеп жатат. Суракка алынган Кэмпбелл эксперттердин баяндамасына өзүнүн эч тийешеси болбогондугун айтууда.

- Ал баяндамага эч кандай тийешем жок. Жалгыз билгеним - баяндаманы Биргелешкен Чалгындоо Комитети даярдаган. Документтин үстүндө иштеп жаткан учурда комитетте эмнелер болгонунан кабарым жок, - деп ишендирди Кэмпбелл тергөөчүлөрдү. Бирок ошол эле суракта Кэмпбелл: "Мен ого эле аша чапкан тил менен жазылып, ар түрдүү бойокко бойолуп, көбүртүп-жабыртылган баяндаманы кайра жумшартканга аракеттенгем", - деп айтты.

Тергөө ишине жетекчилик кылып жаткан сот Лорд Хатсон иликтөө көз караандысыз болоорун убада кылып жатат. Маалымат каражаттарына берилип жаткан учкай кабарлардан Кэмпбеллдин азыркы көрсөтмөлөрү анын ушул эле маселе боюнча британ парламенти тарабынан уюштурган иликтөөдө берген жообуна окшош экени айгине болууда. Анда Кэмпбелл: "Бириккен Чалгындоо Комитетинин баяндамасын бурмалагандыгым жөнүндөгү имиштер жалган. Чалгындоо кызматкерлерин коркутуп-үркүтүп, алардын маалыматын өзү билгендей пайдаланган деген сөздөр туура эмес", - деп айткан.

Дэвид Келлинин өлүмүнө байланыштуу иликтөөдө премьер-министр Тони Блэр да суракка алынмакчы. Бирок көпчүлүктүн Блэрдин берген жообуна ишенээри күмөн. Анткени акыркы сурамжылоолор британ атуулдарынын Би-Би-Сиге да, өкмөткө да болгон ишеними кетип баратканын көрсөттү. "Гардиандын" сурамжылоосу боюнча, Келлинин өлүмүнөн жана Би-Би-Синин маркумдун ысымын ал өлгөндөн кийин булак катары ачыктаган кадамынан кийин британиялыктардын 52 пайызы өкмөткө да Би-Би-Сиге да ишенбей калышкан...

XS
SM
MD
LG