Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

АРАФАТ МЕНЕН АББАС АЙТЫШЫП ЖАТКАН ЧАКТА ИЗРАИЛ АСКЕРИЙ ПЛАНДЫ ЖАКТЫРДЫ


Шаршембиде кечинде чогулган палестин өкмөтү мурунку күнү Иерусалимде 20 адамдын өмүрүн алган терактка байланыштуу согушчан кыймылдарга каршы көрүлчү чараларды талкуулады. Маалыматтарга караганда, анда палестин премьери Махмуд Аббас төрага Ясир Арафат колдоп берсе, террорчул уюмдарга каршы чечкиндүү чараларды көрүүгө даяр экенин билдирген. Израил өкмөтү болсо бейшембидеги жыйынында палестин жетекчилиги согушчандардын мойнун толгой албаса, аларга каршы аскерий операция өткөрүү тууралуу чечим кабыл алды.

Айрым өкмөт мүчөлөрүнүн айтымында, шаршембиде чогулган палестин администрациясынын жыйынында Ясир Арафат менен Махмуд Аббас бир нече ирет бири-бирине добуш көтөрүп, каш кайтарышкан. Премьер-министр Аббас мурунку күнү Иерусалимде 20 киши, алардын арасында алты жаш баланын өмүрү кыйылган терактты айыптап, бул окуя Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын жокко чыгарат деп белгилеген. Андан улам, ал палестиндердин исламчыл согушчан уюмдарынын банктагы эсептерин жаап, "Хамас", "Исламий жихад" өңдүү кыймылдардын куралдуу топторун мыйзамсыз деп жарыялоону сунуш кылган. Ошондой эле шейшемби күнкү бомба жардыруусуна тиешеси бар адамдарды чукул арада камакка алууну талап кылган. Андан кийин сөз алган төрага Ясир Арафат премьерди жемелеп, анын Тель-Авив менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жемиши өтө аз болуп жатканына көңүл бурган. Палестин лидери - Махмуд Аббас көтөргөн маселелер жүзөгө ашырылса, автономияда жарандык согуш башталаарын эскерткен. Жыйындын соңунда таратылган билдирүүдө палестин өкмөтү эл аралык "Жол картасы" аттуу тынчтык планын дыкат аткарыш үчүн аймактагы курал-жарактын баарын көзөмөлгө алып, согушчан топтордун демонстрация-жүрүштөрүнө тыюу салаары айтылган.

Израил өкмөтү болсо бейшембидеги жыйынында палестин өкмөтү согушчан кыймылдардын жанкечти чабуулдарын бууй албаса, аларга каршы уюшулчу аскерий операциялардын планын жактырды.

Аңгыча маалымат агенттиктери Израил аскерлери бейшембинин таңында палестиндердин Тулкарем жана Наблус калааларын тегерете курчап алганын, түн ичинде бул аймактарда атышуулар болгонун кабарлашты. Шаршембиде жөөт аскерлери Тулкаремдин жанында 16 жашар өспүрүмдү атып өлтүрүп, дагы беш кишини жарадар кылышкан. Тель-Авив ал жерде палестиндер оболу озунуп ок ачканын айтса, күбөлөр окко учкан палестин жигиттин колунда куралы болгон эмес деп билдиришет.

Кырдаал кыйындап баратканын сезген палестин өкмөтү бейшембиде кайрадан чогулуп, согушчан топторго карата көрүлчү чараларды талкуулоону улантмай болду. Анын алдында палестин лидеринин кеңешчиси Набил Абу Рдейнех журналисттерге буларды билдирди:

- Биз ар дайым Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкка арачылык кылып келаткан төртиликке – АКШ, Бириккен улуттар уюму, Орусия жана Европа Биримдигине кайрылып, палестин жетекчилигинин кырдаалды көзөмөлдөө аракеттерине колдоо сурап келдик. Биз биргелешкен аракеттер Израилдин палестин элине каршы куралдуу кастыгын ооздуктайт деп үмүттөнгөн элек.

Шейшембиде Иерусалимди дүрбөлөңгө салган жардыруу үчүн жоопкерчиликти палестиндердин "Исламий жихад" жана "Хамас" уюмдары өзүлөрүнө алышкан. Согушчандар бул чабуулду өткөн аптада Израил армиясынын аскерий рейди учурунда набыт болгон "Исламий жихаддын" лидери Мохаммед Сидрдин өлүмү үчүн өч алуу акты катары мүнөздөштү. Жөөттөрдүн диний жайынан келе жаткан автобуста шейит болгондор арасында үч айлык наристеден 15 жашка чейинки алты бала, АКШнын беш жараны болгон экен. Кошмо Штаттардын жетекчилиги Израил менен Палестинанын өкмөттөрүн куралдуу эрегишти токтотууга үндөп, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотууну көздөгөн эл аралык "Жол картасы" планын сактап калыш үчүн чөлкөмгө америкалык белгилүү дипломат Жон Вульф аттанаарын жарыя кылды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG