Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:29

Нарын АЙЫП, Прага 19-август күнү Багдад шаарындагы Бириккен Улуттардын кеңсесинде ишке ашырылган террордук аракеттен жыйырмадан ашык адам курман болду жана шаарда коопсуздукту камсыз кыла албаганы үчүн америкалык аскерлер күнөөлөнүүдө. Ага карабастан, Бириккен Улуттар Ирактагы ишин уланта тургандыгын билдирди.

Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан Швециядагы эс алуусун токтотуп, 20-августта Нью-Йоркко кайтып келди. Ошол эле күнү уюмдун баш кеңсесинде Коопсуздук Кеңешинин жыйыны өткөрүлдү жана бардык 15 мүчө-мамлекеттин өкүлдөрү - Бириккен Улуттар Ирактагы аракеттерин улантууга тийиш деген пикир билдиришти. Анткен менен, Иракта иштеген ООНдун дипломаттарына - ким кааласа, өлкөдөн кетсе болот деп да айтылды, бирок андай кылууну эки гана адам каалады.

Бириккен Улуттардын Ирактагы өкүлчүлүгү Багдад шаарынын бир мейманканасында жайгашкан жана жардыруудан кийин ал толугу менен керектен чыккандыктан, кеңсе үчүн жаңы орун изделүүдө. Курман болгондордун саны жыйырмадан ашык жана алардын арасында - Бириккен Улуттардын Ирак боюнча атайын өкүлү Сержио Виейра ди Мелло, анын администрациясынын башчысы Надя Юнес жана Бириккен Улуттардын Балдар фондунун координатору Кристофер Клайн-Бикман да бар. Жүздөн ашык киши жараат алды.

Өлтүрүлөөрүнө эки күн калганда, ди Мелло бразилиялык бир гезитке интервью берип, Бириккен Улуттарга каршы ирак эли арасында эч кастык жок деп билдирген. Анын айтымында, бирок, ирактыктар америкалык аскерлерди жек көрөт, анткени кайсы болбосун эл өз өлкөсүнүн басылып алынышын каалабайт, ошондуктан абалды оңдош үчүн америкалыктар эң биринчи кезекте өлкөдөгү жашоо шарттарын жакшыртууга тийиш жана жергиликтүү калктын үрп-адаттарын сыйлашы керек.

Шаарды көзөмөлдөгөн америкалык аскерлер Бириккен Улуттардын кеңсесин коргой албаганын Кофи Аннан дагы сынга алды:

"Ирактагы азыркы абалда мыйзам жана коопсуздук үчүн оккупациялык аскерлер жооптуу. Анткен менен мындай террордук чабуулдар кайдан келээрин эч качан билбейсиң жана, менин оюмча, эч ким өзүн толук коопсуз кыла албайт. Бирок жалпысынан алганда, коопсуздук үчүн жоопкерчилик - АКШ жетектеген коалицияда жатат".

Кээ бир саясатчылардын айтымында, 19-августтагы жардыруудан кийин эми Бириккен Улуттардын Ирактагы маанисин жогорулата турган чечим кабыл алынууга тийиш жана ал тууралуу Кофи Аннан 21-августта АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл жана Улуу Британиянын тышкы иштер боюнча катчысы Жек Строу менен жолугуп сүйлөштү.

Бирок, айрым эксперттердин пикиринде, Ирактагы абалды калыбына келтирүү иштери үчүн толук жоопкерчиликти АКШ баары бир эч кимге бербейт жана макамы жогорулаганы менен, Бириккен Улуттардын Ирактагы иши келечекте дагы Вашингтонго жардам көрсөтүү менен чектелет. Ирак согушун АКШ Бириккен Улуттардан жактыруу албастан баштаган жана кийин дагы өлкөнү калыбына келтирүү иштерине эл аралык уюмдар менен башка дүйнөлүк мамлекеттерди чектелүү өлчөмдө гана тартууда. Ошондуктан, АКШ менен Бириккен Улуттар ортосундагы кызматташуу күчөгөнү менен, кайсы бир чектен чыкпайт.

АКШнын суранычы менен дүйнө мамлекеттери Иракка өз аскерлерин жибере баштаган жана кээ бир эксперттердин айтымында, Багдаддагы жардыруудан кийин алар Иракка аскер жиберүүсүн ылдамдатып, Бириккен Улуттардын маанисин жогорулатууга тийиш. Анткен менен, Жапаниянын айтымында, ал өз аскерлерин Иракка - мурда белгиленгендей ноябрда эмес, эмдиги жылы гана жибере алат. Пакистан дагы өз турумун кайра карап чыгаары тууралуу билдирди. Испаниянын оппозициясы болсо, Ирактагы аскерлерди чыгарып кетүүнү талап кылууда. Кээ бир эксперттердин пикиринде, Иракка өз аскерлерин НАТО уюму жиберсе болмок, бирок уюмдун баш катчысы Жорж Робертсондун айтымында, НАТО азырынча Иракта аракеттенген Польшага гана жардам көрсөтүү менен чектелет.
XS
SM
MD
LG