Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Мамлекеттик тил маселесине арналган жыйын


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жайылтуу маселелерин талкуулаган «кереге кеңеш» жыйыны өттү. Ага өкмөт, Жогорку Кеңеш, бейөкмөт, ошондой эле эларалык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жыйында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, анын келечегине байланышкан проблемалар талкууланып, бийлик жетекчилерине багышталган кайрылуу кабыл алынды. Анда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында үч жылдан бери каралбай жаткан мамлекеттик тил мыйзамынын долбоорун талкуудан өткөрүп, кабыл алып берүүнү тездетүү айтылган. Жыйында иш кагаздарын мамлекеттик тилге ырааттуу өткөрүү, көрнөк-жарнактарды мамлекеттик тилде жазууну уюштурууну тартипке келтирүү, кыргыз тилиндеги окуу китептердин сапатын жакшыртуу, мамлекеттик тилди компьютерлештирүү жана ал аркылуу дүйнөлүк маалымат мейкинине чыгууга байланыштуу маселелер козголду.

XS
SM
MD
LG