Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

МЕДИАКЕҢЕШ КИМГЕ КЕРЕК?


Кыргызстанда журналисттер тобу Медиакеңеш түзүү демилгеси менен чыгышты. Алар мындай уюм маалымат каражаттарында көз карандысыздыкка, кесиптик маданияттын калыптанышына, журналисттердин укуктарынын сакталышына көмөктөшөт деген ишенимде. Бирок, бул демилге азырынча журналисттик чөйрөдө өзгөчө колдоо таба элек. Демилгечи топ болсо маселени тереңирээк талдоо максатында бардык маалымат каражат өкүлдөрүн «тегерек үстөл» талкуусуна чакырып атат. Мындай демилгени президенттик администрациянын маалымат кызматы колдоого алууда.

Медиакеңеш түзүү демилгеси биринчи жолу июлдун этегинде “Freedom House” өңдүү бир катар эларалык уюмдардын жана президенттин пресса кызматынын колдоосу астында өткөн журналисттердин республикалык биринчи конференцияда көтөрүлүп, дароо уюмдун жобосу таратылган болчу. Экинчи жолу бул маселе пресс-катчылардын семинарында козголду. Эми демилге топ келерки дүйшөмбүдө ушул маселени «тегерек үстөл» үстүндө талкуулоону көздөп жатат. Бирок, медиакеңешти түзүү аракетине журналисттик чөйрөнүн басымдуу бөлүгү байкоочулук ыңгайда мамиле кылышууда. Батыш маалымат каражаттарынын Кыргызстанда иштеген, атын атагысы келбеген журналистинин пикиринче, медиакеңештин салмагы «тегерек үстөлдөгү» талкуудан кийин аныкталат, эгер таасирдүү чөйрө колдобосо, демилге суу кечпей калышы да ыктымал.

Бишкектеги пресс-клубдун башчысы Ирина Козлинская, «Российская газетанын» Кыргызстандагы бөлүмүнүн редактору Элла Таранова баштаган демилге топ тегерек үстөлгө журналист журтчулугунун кеңири чөйрөсүн чакырууда. Ирина Козлинскаянын пикиринче, журналистикага тиешелүү проблеманы журналисттин өзүнөн артык эч ким чече албайт.

- Бийлик тараптабы, оппозициядабы, бейтараппы, гезиттер өздөрүн кандай атабасын, алардын проблемасын бирөө чечип бербейт, демилге топ да чече албайт. Маселени жеке биз чече турган болсок, баягы эле өлүк төрөлгөн баладай болуп калат. Көпчүлүгү ошондон коркуп атышат. Биз болсо идеяны гана берели дедик. Калганы журналисттердин өздөрүнүн колундагы иш.

Ошондой болсо да төбөсү көрүнгөн бир катар көз карандысыз журналисттер мындай уюм түзүүдөн мурда азыр ал керекпи-жокпу, ушул маселени коомчулуктун талдоосуна коюп, андан кийин уюштуруу иштерине киришүү керек деген ойдо. «Журналист» коомдук бирикмесинин башчысы Кубан Мамбеталиев бул маселени өлкөнүн бардык аймактарында жапырт талкуулоо зарылдыгын айтат. «Аалам» гезитинин баш редактору Чолпонбек Абыкеевдин оюнча, өлкөдө маалымат каражаттары бийликти колдобогон жана колдогон эки жээк болуп турган кезде мындай демилге өзүн актабайт. Ошондуктан, - дейт Абыкеев, - ар бир маалымат каражаты Медиакеңештин тартиби менен эмес, мыйзамдын жолу менен иштеши керек:

- Массалык маалымат каражаты, анын ичинде «Аалам» менин менчик гезитим болгон соң, мага мыйзамдан башка эч кимдин өз оюн таңуулап айтканга акысы жок. Мен эмне үчүн кеңештин сөзүн угуп, баш ийип иштеп калышым керек? Андай болгондо алар да менин кандайдыр бир кызыкчылыгымды коргошу керек болот.

Ал эми «МСН» гезитинин саясат бөлүмүнүн башчысы Рина Приживойттун пикиринче, бул бийликтин каалоосуна ылайык түзүлүп жаткан уюм жана бул уюм маалымат каражаттарынын эркиндигин чектөөчү бийликтин куралы болот:

- Менимче, көзөмөлдөөчү бул орган азыр бийликке цензураны ишке киргизүү үчүн керек болуп атат. Медиакеңешке жободо ченемсиз укуктар берилген. Ал редакциянын ишине, журналисттин журум-турумуна киришет. Сын материалдарды талдайт.

Рина Приживойттун айтымында, маселени сот аркылуу чечүү укугу ар бир атуулга берилген. Ал эми маалымат каражаттарынын проблемаларын сотко жеткирбей бүткөрүү демилгеси уюштуруучулардын актануу максатындагы гана аракети.

Мындай пикирди медиакеңешти түзүү демилгесин ачык колдоп жаткан президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев колдобойт. Анын оюнча, медиакеңештин максаты чыр-чатактарды алдын-алуу:

- Көп гезиттер ушул чыр-чатактар аркылуу өзүнүн, гезитинин атын чыгарганга аракеттенет. Финансылык кызыкчылыктары да бар экен. Ошондуктан, бир даары медиакеңештин түзүлүшүнө бут тосуп, кийинкиге калтыруу аракетин жасап жатышат. Бирок, биз медиа тармагындагы стабилдүүлүктү, иреттүүлүктү кааласак, сөзсүз медиакеңешти түзүп, ошого аракеттенишибиз керек.

«Демократия жана жарандык коом» коалициясынын президенти Эдил Байсалов азыр Кыргызстанда Медиакеңеш түзүүгө бийлик да, журналисттер да, коомчулук да даяр эмес деген ойдо. Уюштуруучулар болсо бул демилге өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбаларын иликтөөнүн аркасы менен келип чыкканын айтышат. Демилгечилер Россиянын тажрыйбасына көбүрөөк таянып, айрым адистердин сунушуна ылайык иштеп жатышканын белгилегендер да бар.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG