Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

КЫРГЫЗ ТИЛИН ӨНҮКТҮРҮҮ ЧАРАЛАРЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек. 21-августта Бишкекте кыргыз тилинин бүгүнкү абалы жана аны өнүктүрүүнүн жолдоруна арналган «кереге кеңеш» жыйыны өттү. Анда кыргыз тилине байланыштуу көйгөйлүү маселер көтөрүлүп, аны өнүктүрүүнүн жолдору жана тилдин укуктук незин түзүү тууралуу сунуш, пикирлер айтылды. Жыйын катышуучулары тилди өнүктүрүү боюнча жогорку бийлик жетекчилерине кайрылуу кабыл алышты

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, Улуттук тил комиссиясынын мүчөлөрү, кыргыз тили боюнча окумуштуулар, саясий партия, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Алар кыргыз тилинин бүгүнкү абалына токтолушуп, аны өнүктүрүү боюнча сунуш, пикирлерин айтышты. Академик Бүбүйна Орузбаеванын пикиринде, соңку жылдары мамлекеттик тилге көңүл бурулбай жатат жана мындай көрүнүш орус тилине расмий тил статус берилгенден баштап күчөдү:

- Эмнегедир, мамлекеттик тил жүрө-жүрө көңүл борборунан четте калып баратат. Айрыкча мындай көрүнүш көпчүлүктүн сунушу менен орус тилине расмий тил статустун берүү тууралуу мыйзам кабыл алынгандан бери күчөдү. Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кагаз түрүндө эле калды.

Кыргыз тили боюнча жаңы мыйзам долбоорунун автору депутат Бектур Асанов эмне үчүн үч жылдан бери Жогорку Кеңеште кыргыз тили тууралуу мыйзам кабыл алынбай жатат, деген суроого мындайча жооп берди:

- Чынында кыргыз тили тууралуу мыйзамдын кабыл алынбай жатышы депутаттардын эмес, Ак үйдүн каалабагандыгынан улам болуп жатат. Ак үй менин атыма жаман сөз тийип калабы, Путин эмне дейт, орустар эмне дейт, дүйнө коомчулугу эмне дейт, деген көз караш менен маселени кечендетүүдө.

Кыргыз тилинде интернет барагын ачкан, эркин журналист Жаныбек Жанызак кыргыз тили боюнча улуттук комиссиянын жеткиликтүү иш жасабай жаткандыгын белгилеп, тилди өнүктүрүү үчүн кирилицадан латын тамгасына өтүүнү жана кыргыз тамгасын Интернетке көчүрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү сунуштады:

- Өкмөт улуттук тил комиссиясына он жылдан бери акча берип жатат. Алардын интернет барак ачканы кана, чыгарган эмгеги кана!? Кыргыз тилин өнүктүрөбүз десек тез аранын ичинде латын тамгасына өтүшүбүз керек.

Улуттук тил комиссиясынын төрага орунбасары Казат Акматовдун пикиринде иш кагаздарын кыргызча жүргүзүү үчүн кабыл алына турган жаңы мыйзамга өлкөдөгү бардык иш кагаздардын түп нускасын кыргызча жазуу жана «бийлик органдарында иштеген кызматкерлер мамлекеттик тилди билсин» деген сыяктуу бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү керек.

«Атамекен» партиясынын төрагасы Ө.Текебаев тилди өнүктүрүү тууралуу өз оюн ортого салды:

- Коңшулаш Казакстанда бардык телерадиолорго берүүлөрүнүн 50% казак тилинде болсун деген шарт коюлган. Аны аткарбаган телестудия жабылат. Мына ушуга окшогон талапты Кыргызстандагы компьютер саткан ишканаларга койсо болот. Маселен, аларга эгерде, компьютерде кыргызча тамгалар болбосо Кыргызсттанда сатылбайт деп койсо жетиштүү.

Жыйындын соңунда анын катышуучулары, тилди өнүктүрүү тууралуу сунуш пикирлерин иретке келтирип Жогорку Кеңешке жана кыргыз өкмөтүнө сунушташты.
XS
SM
MD
LG